Өмүрбек Текебаевдин кызы Ай-Данэк Текебаева атасынын ооруканага которулушуна мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү суранды

Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кызы Ай-Данэк Текебаева атасынын ден соолугуна байланыштуу ага дарыланууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Менин атам абдан күчтүү. Өмүрүмдө анын капалуу же оорулуу (ден соолугуна байланыштуу) болуп жүргөнүн көргөн эмесмин. Бирок чоңойгондо анын ден соолугунда көптөгөн көйгөйлөр бар экенин билдим. Ал болгону бизге ооруп жатканын билгизчү эмес. Атамдын жүрөгү ооруйт, бир канча жыл бою 1-2 жумага атайын жасалма аппарат тагып, анан айыкканда алып салып жүргөн учурлары болгон. Бир канча жолу ооруканага жатып чыккан, операция жасаткан. Азыркы учурда айрым адамдар атамды камакта жатып тажагандыктан, ооруканага которуу шылтоосун айтып жатат деп айыптап жатышат. Мен ошол адамдарга кайрылгым келет: Менин атам өзүнүн балдарына, жубайына көрсөтпөгөн алсыздыгын силерге таптакыр эле көрсөтпөйт. Эгер менин жазгандарымды биздин өлкө башчыбыз же атамды ооруканага которууга көмөк көрсөтө ала турган адамдар окуп жатышса, анда мен сиздерден адамгерчиликтүү болууну өтүнөм. Атама өлкөдөгү ооруканалардын биринен дарылануу мүмкүнчүлүгүн түзүп бергиле. Атамдын бизден канчалык алыс экенине карабай анын жашашын, ден соолукта болгонун каалайм. Баарыбызда тең ата, чоң ата жана балдарыбыз бар эмеспи. Мен силерден ушуну гана суранам", - деген ал.

Белгилей кетсек, 11 -январда Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары экс-депутат Өмүрбек Текебаевди ооруканага которууну суранып, ЖАМКга кайрылуу жолдошкон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Jelezo
2018-01-27 12:27:53
Соке чын эле президентик руль колуңда болсо көрсөт
+17
aselushka
2018-01-27 12:52:19
Ушул чондор ар бир кадамынарды ойлонуп баскылачы, ортодо балдарынарда жапа чегип атат, ууру болосунарбы сойку болосунарбы баланар учун ата эне экенинерди унутпагыла
+15
Azatbek83
2018-01-27 15:24:13
Канчалаган миллиондорду жешип дагы деле чон кызматтарда иштеп журушот.Мен эчкимди ак же кара дебейм.Эмне учун мыйзам баардыгына бирдей иштебейт?!Туура эмес иш кылдынар дегендерди Конституцияны озгортконго каршы чыккандарды,кемчилигинерди айткандарды акча доолап камап жатасынар.Жуктун ээсин табам дегенди эмнеге мумкунчулук бербединер?!Эгер чындап куноолу эмес болсонор тап таппасан камаласын дебейт беленер!Ууру каракчыларды моонотунон мурда бошотуп жатасынар!Качанга чейин ушундай жашоо болот?!
+9
Omurbek998
2018-01-27 16:15:58
Президент эркек болсо оору канага чыгарыш керек рекеттерди эркиндике чыгарып еле жатышатко
+7
didu
2018-01-27 19:43:11
чёрныйлар чыгып ,ак уй камалып жатат
+3
keba300989
2018-01-29 08:48:27
didu, орун калбай калса ошолорду бошотуп туруш керек болот.
0
amirrus
2018-01-27 22:11:39
Чырагым кайгырба баары жакшы болот,больницага эле эмес бир жолу толук акталып чыгаарына умут кылабыз.
+3
bakulya2015
2018-01-27 22:51:46
Аллах коруп турат баарын. Азыркы бийлик ар кандай болуп жатат бирок кудай бар. Ак ийилет бирок сынбайт. Сабырдуулук каалаймын.
+1
ZANIA-92
2018-01-29 15:52:25
Кызынын отунучун орундатып коюуну, мен дагы карапайым калктын бир жараны катары суранаар элем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан