Бүгүн, 3-майда Жогорку Сот абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароону улантат.
23-апрелде мамлекеттик айыптоочу соттук отурумду башка күнгө жылдырууну суранган. Ал 18 томдук иш менен таанышууга убакыт керек экендигин айткан. Соттор прокурордун өтүнүчүн канаттандырып, сот 3-май, саат 10:00гө жылдырылган.
Алардын иши жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекстеринин күчүнө киргенине байланыштуу кайра каралат.
Буга чейин Текебаевдин укугун коргой турган "Адилет" укуктук клиникасынын юристтери күчүнө кирген жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, ишти кайра кароо өтүнүчү менен материалдарды Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жибергенин кабарлашкан. Иш кайра карала турганы март айында белгилүү болгон.
Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталышып, 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевскийдин өзү Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган.