Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча жактоочулардын арызын 16-июлда карайт

Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча жактоочулардын арызын 16-июлда карайт. Бул тууралуу SUPER.KG`ге юрист Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, абактагы саясатчылардын күнөөсү жок экендигин далилдөөчү бир нече жагдайлар аныкталган.

"Леонид Маевский 2010-жылдын май-июнь айларында "ВТБ" банкындагы эсебинен накталай акча алып, жан сакчысы Сергей Кутуков аркылуу Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар пара бергенин айткан. Бирок Маевский аталган банктан эч кандай акча албагандыгы аныкталды. Ал эми Кутуков Текебаевге да Чотоновго да эч кандай акча алып келип бербегендигин, 2010-жылы Кыргыз өлкөсүнө келбегендигин айтты. Ушул сыяктуу башка дагы жаңы жагдайлар бар", - деди Токтакунова.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевскийдин Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган.

3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан