Талас облусунун Кызыл-Туу айылынын 37 жаштагы тургуну 38 жаштагы тааныш досун зордуктаганга шектелип жатат. SUPER.KG'ге облустук милициядан кабарлашкандай, жабырлануучунун айтымында, алар мас абалда порнографиялык мүнөздөгү фильм көрүп отурушкан.
"38 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, эркек таанышы 7-август күнү болжол менен саат 23:30 чамасында мас абалынан пайдаланып зордуктап койгонун айткан. Экөө бирге спирт ичимдигин ичип, порнографиялык мүнөздөгү фильм көрүп отурушкан экен. Шектүү убактылуу кармоочу жайда отурат", - деп билдиришти ОИИБден.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Жабырлануучу да, шектүү дагы үй-бүлөлүү болушкан. Айрым маалыматтарга караганда, алардын жубайлары чет өлкөгө иштөөгө кетишкен.