Бүгүн, 27-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда борбор калаанын экс-мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу маселеси каралууда. Анда тергөөчү Ибраимовду 28-октябрга чейин камакта калтырууну суранса, ал эми жактоочу үй камагына чыгаруу керектигин билдирди.
Сот Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы боюнча чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти.
Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
15-августта Жогорку Сот Ибраимовду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.