Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов тергөө иши аяктаганга чейин, тагыраагы, 29-августка чейин камакка алынды. Мындай чечим бүгүн, 19-июлда Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынды. Чечимди сот Айбек Эрнис уулу чыгарды.
Эске салсак, бүгүн, 19-июлда экс-мэр Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы Биринчи Май сотунда каралган.