Албек Ибраимов: "Атамбаевдин командасындагы адамдардын камалышында, мага козголгон кылмыш иште саясий себептер бар"

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов өзүнө карата козголгон кылмыш ишинде саясий себептер бар деп эсептейт. Бул тууралуу кечээ, 19-июнда КСДП партиясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Албек Ибраимов кылмыш иши ортодо 7 жыл өткөндөн кийин козголушу күмөндүү ой жаратарын жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасындагы айрым адамдарды камакка алууда өзүнө карата козголгон кылмыш ишинде саясий мотив бар экенин белгилеген.

Албек Ибраимовдун түшүндүрмөсү толугу менен:

"УКМК өз түшүндүрмөсүндө бул келишимдин чоо жайын кеңири ачыкка чыгарганын эске алып, төмөнкү түшүндүрмөнү берүүнү зарыл деп эсептейм.

Мен 2011-жылдын февраль айында “Дастан ТУК” ААКсына кызматка келген учурда “Дастан ТУК” менен Индиянын Коргоо министрлигинин ортосунда 12 аскер торпедасын ташып жеткирүүгө келишим түзүлүп, аны аткаруу мөөнөтү 2011-жылдын декабрына чейин белгиленген. Бул “Дастан ТУК” ААКсынын акыркы жылдардагы бирден бир ири келишими болгонун белгилей кетүү керек.

Келишимди тыкыр изилдеп чыгып, мен негизги үч учурду белгиледим:

1) контракт аяктап калганда продукцияны даярдоо 95 пайыз түзгөн (тетиктер өндүрүштө болгон);

2) ишкана тарабынан финансы каражаттарынын басымдуу бөлүгү сарпталып кеткен, булар чийки зат жана келишимди аткаруу үчүн комплектилөөчү тетиктер, айлык акы жана салыктар;

3) контрактты мөөнөтүндө аткарбаган учурда салынуучу айыптык санкциялар бир миллион доллардан ашуун акчаны түзмөк.

Эң маанилүү учур болуп торпеданын талкалоочу бөлүгүнүн – Октоочу бөлүгүнүн жана И-239 Жардыргычынын (атайын тетиктер) жетишпестиги болду. Бул комплектилей турган бөлүктөрү жок биздин торпедаларды эч ким сатып алмак эмес. Завод 6 миллион доллар тегерегинде чыгашага учурамак.

Техникалык кызматтардын корутундусу боюнча аталган атайын тетиктерди совет доорунда чыгарууга адистешкен бир гана “Перм Велосипед заводу” болгон. Тилекке каршы, бул ишкана бизге керектүү тетиктерди чыгарбай калганы маалым болду. Демек, бизге зарыл болгон тетиктер “Дастан” заводу чыгарган торпедаларды колдонгон өлкөлөрдүн аскер-деңиз кампаларында гана болушу мүмкүн эле.

Ошол учурда Кыргыз өлкөсүндө атайын тетиктерди ташып келүүгө уруксат берүүчү документтери бар бир эле ишкана “Дастан Инжиниринг” компаниясы гана болгондуктан, ишкана өзүнүн “Укрспецэкспорт” менен байланышына таянып, атайын тетиктерди бизге ташып жеткирүүнү сунуштаган. Буга байланыштуу аталган ишкана менен атайын тетиктерди (И-239 Жардыргычы) ташып келүү боюнча келишим түзүлгөн. “Дастан Инжинирингдин” негизги ээлик кылуучусу болуп (70 пайыз) Украинанын жараны Шумов мырза эсептелет.

“Дастан” ТУК менен келишим бекитүүдө “Дастан Инжиниринг” комплектилөөчү тетиктерге 533 миң АКШ доллары өлчөмүндө өз баасын койгон жана муну документтерди каттоо, тетиктерди ташып келүү жана мындай келишимдерди ишке ашырууда башка чыгымдардын чоң экендиги менен жүйөлөштүргөн. Башкача айтканда, ташып келүүнүн аяккы суммасын “Дастан Инжиниринг” компаниясы аныктаган. Ошондуктан биз буга макул болууга аргасыз болгонбуз, анткени башка варианттар жок эле.

Жыйынтыгында Индиянын Коргоо министрлиги менен “Дастан ТУК” ортосундагы контракт мөөнөтүндө аткарылып, ишкана 11,5 миллион доллар өлчөмүндө киреше алган. Натыйжада “Дастан” ТУК 6 миллион доллар тегерегинде операциялык киреше тапкан жана жумушчулардын айлык акылары үч-төрт эсеге көбөйгөн. Жылдын жыйынтыгы менен Мамлекеттик мүлк фонду аркылуу “Дастандын” тарыхында алгачкы жолу миллион доллардан ашуун дивиденд алган.

Жогоруда айтылгандардын негизинде “Дастан” ТУК ААКсына тиешелүү мүлктү ээлеп алуу жана жок кылуу туурасында кеп болушу да мүмкүн эмес экенин билдиргим келет.

Менин билишимче, буга окшогон ар бир келишим боюнча көзөмөл жана мониторинг жүргүзүү Улуттук Коопсуздук жана Коргоо министрлиги органдарынын кураторлору тарабынан туруктуу негизде ишке ашырылып келген.

Ошондуктан эмне үчүн 7 жылдан кийин, так азыр “кокустан” кандайдыр бир күдүктөнүү жана шектенүү пайда болду деген жөндүү суроо менде туулат.

Биздин өлкөдө болуп жаткан акыркы окуялар, ошондой эле менин Атамбаевдин командасындагы санаалаштарымды камакка алуулар, мага карата ачылган ушул жана башка кылмыш иштери саясий жактан жүйөлөштүрүлгөн деп болжолдоого негиз берет", - дейт Ибраимов.

Айта кетсек, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон.

"2012-жылы январь айында "ТНК Дастан" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен "Дастан Инжиниринг" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 доллар турган 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү боюнча келишим түзүшкөн. Мында ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 долларга бааланган. Ал эми "Дастан" мекемесинин мурунку кызматкери жетектеген "Дастан Инжиниринг" жоопкерчилиги чектелген коому Украинанын мамлекеттик хозрасчёттук компаниясынан аталган буюмдардын партиясын 14 миң 400 доллардан сатып алган, ал партияны алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган. Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон.

Натыйжада аталган 2 ишкананын ортосунда баасы атайылап жогорулатылып түзүлгөн келишимдин негизинде мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген. Бул факты боюнча 28-майда УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы 171-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) менен кылмыш ишин козгоду", - деп УКМК билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан