Футбол боюнча Кыргыз-Сирия беттешинде Кыргыз курамасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргыз-Сирия курамаларынын жолдоштук беттеши өтөт. Буга чейин оюн саат 20:00дө баштала тургандыгы белгилүү болгон. Кыргыз курама командасы ак түстөгү форма, ал эми сириялыктар күңүрт боз түстөгү форма менен ойношот.

19:30. Беттешке саналуу мүнөттөр калган ушул тапта футболчулар талаада машыгуу менен алек. Ал эми күйөрмандар акырындык менен стадиондун четине топтолууда.

Кыргыз курамы:

Башкы машыктыруучу - Александр Крестинин;
Павел Матяш;
Мустафа Юсупов;
Курсанбек Шератов;
Шерзад Шакиров;
Эдгар Бернхардт;
Даниэл Тего;
Кайрат Жыргалбек уулу;
Эрнест Батырканов;
Бахтыяр Дүйшөбеков;
Фархат Мусабеков;
Ахлетдин Исраилов.

Сирия курамасы:

Мохаммед Осман;
Омро-Аль Мадани;
Таэр Крома;
Тамер Хаг Мохамад;
Омар Аль Сома;
Надим Сабаг;
Ахмед Манадие;
Малек Аланизан Абдул;
Омари Осама;

Махмуд Аль-Мавас.

19:50. Учурда Жарайт-Ситинин актёрлору өнөрлөрүн тартуулап, күйөрмандардын маанайын көтөрүүдө.
Жамгыр жаап кирди. Жаан күйөрмандарды качырабы же жокпу, ага оюндун жүрүшүндө күбө болобуз.

19:58. Кыйкырык сүрөөндүн коштоосунда оюнчулар футбол талаасына чыгышууда.

20:00. Сириянын гимни, андан кийин Кыргыз Республикасынын гимни жаңырууда. Гимнди күйөрмандар коштоп ырдашты.

20:02. Баары даяр. Калыстын ышкырыгы жаңырып оюн башталды. Топту ортодон кыргыз футболчулары кошту. Алгачкы мүнөттөрдө сириялыктар топко ээлик кылып, өз жарым талаасында топту башкарышууда. Сириялыктар чабуулга өтүп, бирок чабуулчу офсайд абалында калып калган. Ага кыргыз тарап да офсайд абалы менен жооп кайтарды.

20:10. Кыргыз курамынын чабуулу орун алып, акыркы көз ирмемде каршы тараптын коргоочусу топту алыстатканга үлгүрдү.

20:13. Дарбазага узатылган алгачкы соккуну сириялык чабуулчу башы менен жасады. Бактыга жараша, топ дарбазадан жогору кетти.

20:16. Күйөрмандардын сүрүнөн жазгангандай жамгыр да токтоп калды. Бул аралыкта Сириянын күйөрмандары да стадиондо бар экенин белгилей кетишти.

20:21. Бурчтан орун алган сокку узатуу да Кыргыз командасынын дарбазасына жеткен жок. Кыргыз курамасы чабуул уюштуруп, бир нече жолку соккусу таамай болгон жок. Баарын сириялык коргоочулар тосуп жатышты. Оюн ыргагы бир аз басаңдай түштү. Топ Сириянын карамагында.

20:22. ФИФАнын рейтингинде Сирия 73, Кыргыз өлкөсү 92-орунда экенин белгилей кетели. Кыргыз курама командасы чабуул уюштуруп, узактан узатылган сокку таамай болгон жок.

20:26. Сириянын чабуулуна кезек келип, жарым коргоочу Фахад Юсефдин соккусу дарбазага түз багытталган жок. Кыргыз дарбазасынын жанынан кайрадан бурчтан сокку узатылды.

20:28. Сирия чабуулчусу Омар-Аль-Соманын соккусун Павел Матяш кыйынчылыксыз тосуп алды.

20:32. Оюнга балдар уйүнөн келген кичинекей күйөрмандар күбө болушууда. Аларга берилген таттуулар унутта калып, баары улуттук курама команданы сүрөө менен алек.

20:35. Кыргыз командасынын узаткан айып соккусу орун алып, топ дарбазанын мамычасына тийип калды.

20:37. Акырындык менен биздин оюнчулар активдеше баштады. Кыргыз курамасы бурчтан сокку узатып, кооптуу абал жарата алды.

20:39. Кыргыз оюнчулары бардык күчүн жумшап ойноп жатканы байкалууда. Ал эми алардын айрым катачылыктарын дарбазачы Павел Матяш жокко чыгарууда.

20:40. Сирия кооптуу чабуулга чыгып, бирок топ дарбазанын жанынан өттү. Оюн жүрүшүндөгү эң кооптуу абал десек болот.

20:43. Оюндун акыркы мүнөттөрүндө Кыргыз командасы коргонуу менен алек. Кыргыз курамы коргонуудан чабуулга чыгып, эки жолу катары менен кооптуу абалды жарата алды. Биринчи соккудан коргоочу сактаса, экинчи соккуну дарбазачы тосуп калды.

20:45. Сириялыктар бурчтан сокку узатты. Павел Матяш экинчи кабатта ким кожоюн экенин белгилеп, топту өз колуна алды.

20:47. Биринчи бөлүктүн негизги убактысы соңуна келип, калыс 2 мүнөт кошумча убакыт кошуп берди.

20:49. Калыстын ышкырыгы жаңырып, оюндун биринчи бөлүгү Кыргыз командасынын чабуулу менен жыйынтыкталды. Эсеп 0:0.

21:08. Белгисиз себептерден улам, оюндун экинчи бөлүгү кечиктирилип жатат.

21:12. Мына кызык. Экинчи бөлүк башталар алдында стадиондун жарыгы толугу менен өчүп калды.

21:15. Жарык өчкөнү менен күйөрмандардын маанайы жакшы. Баары уюлдук телефондордун жарыгын күйгүзүп, биргеликте мамлекеттик гимнди аткарышууда.

21:19. Жарык күйдү. Оюнчулар талаага кайтып келишүүдө.

21:20. Жарык кайрадан өчүп калды.

21:23. Жарык өчкөнүнө байланыштуу оюн убактылуу токтотулду.

21:26. Стадиондун бир тарабынан жарык бериле баштады.

21:30. Стадиондун баяндоочусу 10 мүнөттөн кийин беттештин экинчи бөлүгү башталарын жарыялады.

21:32. Бул аралыкта оюнчулар талаада машыгуу менен алектенип жатышат.

21:34. Калыстар талаага чыгып, оюн улануу алдында турат.

21:36. Экинчи бөлүк кызуу башталып, Кыргыз курамы эки жолу кооптуу сокку узатууга жетишти. Тилекке каршы, Сирия дарбазачысы чапчаңдыгын көрсөтүп топту тосуп калды.

21:39. Дагы бир кооптуу абал. Баш менен узатылган соккуну сириялык дарбазачы дарбазадан алыстатты. Эреже бузуу катталып Кыргыз курамасы айып сокку узатууга укук алды.

21:40. Мына сага! Айып сокку кайрадан Сириянын дарбаза мамычасына тийип калды.

21:46. Бурчтан узатуу кыргыз дарбазасына каршы чабуулга алып келди. Кыргыз курамасы аз жерден гол өткөрүп жибере жаздады.

21:47. Кыргыз командасы кайрадан бурчтан узатууга укук алышты. Бирок мындан майнап чыккан жок. Коноктордун чабуулу орун алды. Бирок сокку узаткан оюнчу офсайд абалында болгон. Кыргыз курамы мыкты сокку жасап, тилекке каршы, дарбазачы тосуп калды.

21:56. Сириянын курамында оюнчу алмашты. Надим Сабахтын ордуна Малек Аланизан Алек чыкты. Талаа ээлеринин курамында да алмашуулар орун алды. Ахлидин Исраилов талааны таштап, ордуна Бекжан Сагынбаев чыкты.

21:58. Кыргыз курамасы 5-3-2 оюн схемасы менен, тактап айтканда, 5 коргоочу, 3 жарым коргоочу жана 2 чабуулчу менен оюн алып барып жатканын байкоодобуз.

22:03. Гоооол! Кайрат Жыргалбек уулу эсепти ачты.

22:07. Пенальти! Кыргыз курамасынын дарбазасына 11 метрдик айып сокку узатылат. Анткени Даниэль Тэго оюн эрежесин бузган.

22:09. Айып сокку таамай узатылды. Голду Омар Алсома киргизди.

22:13. Гооооооол! Кыргыз курамасы дагы бир гол жаратып алдыга чыкты. Голду Бекжан Сагынбаев жаратты.

22:18. Сагынбаевдин голу бүткүл оюнчуларга дем берген өңдөнөт. Талаа ээлери үстөккө босток чабуулга чыгууда.

22:20. Беттештин негизги бөлүгү жыйынтыкталып, кошумча 6 мүнөт кошулду.

22:21. Сириялык дарбазачы менен коргоочу бири-бирин жакшы түшүнбөй, аз жерден өз дарбазасына гол жаратып ала жаздады.

22:23. Сириянын оюнчусу Махмуд Ал Мавас жаракат алгандай түр көрсөтүп, башкы калыс менен талашып тартышууда. Калыс бул аракети үчүн ага сары кагаз көрсөттү. Эң кызыгы, сары кагаз алгандан кийин оюнчу түз басып кеткени болду.

22:26. Калыстын ышкырыгы жаңырып, оюн соңуна чыкты. Кыргыз курамасы 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Кыргыз-Сирия футболдук беттеши. Бекжан Сагынбаевдин жеңиш алып келген голу
Күйөрмандар кыргыз футболчуларын кантип колдоп турду? (Кыргыз-Сирия беттеши)
Кыргыз курамасы сириялыктарды 2:1 эсебинде жеңип алышты
Эсеп теңеген сириялык Омар Алсоманын айып соккусу (Кыргыз-Сирия беттеши)
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
kg_emilbekov
2018-09-10 22:03:48
goooooool
+2
kg_emilbekov
2018-09-10 22:08:50
энен негир олтурдуу барын 1-1 уже
-4
kg_emilbekov
2018-09-10 22:13:10
гоооооол
+1
Kabyl-97
2018-09-10 22:14:20
гооол ура 2:1
+1
kg_emilbekov
2018-09-10 22:15:40
бой
0
kg_emilbekov
2018-09-10 22:21:51
хаха мынча олумуш булар
+1
Alixan-Nookat.2015
2018-09-10 22:25:51
2:1 оюн бүттү Кыргызстан утту!
0
oruktu_city
2018-09-10 22:32:45
Азаматсынар жигиттер...жакшы оюн коргоздунор !!!!!!
0
anonymous
2018-09-10 22:33:58
Жеңилгенди да билиш керек чычкактар
0
Azat.97
2018-09-10 22:37:34
Свет очту админ ошону чыгаргыла
-1
TalaCSKA
2018-09-10 22:52:31
Azat.97, тынч эле олтура бербейсинби соонун ойун болду Кыргызстан женди !!! негатив издеп наалыбай.свет деген свет любой убакта очуп калышы мумкун.даже Английский пример лигада кээде очот свет!!!
+2
TalaCSKA
2018-09-10 22:40:45
БК конторалар Кыргызстандын женишине 8 кеф Сирияга 1,40 берип атышкан эмнеге Кыргызстанга ишенбей жатканына такыр тушунгон жокмун
0
murat17
2018-09-10 22:49:21
жениш кут болсун мекендештер узбекистан жене албады эле оз уйлорундо биздилер экинчи состав менен женди козго кубаныч жаштары келип кетти мындай кубаныч жаштары азия 2019да далай жолу келет деген ишеничтемин мындан 10 жыл мурун кыргызстан футбол ойнойт экен десе ээ утулат деп койчу элек азырчы соперник ким болбосун кыргызстан ойнойт экен десе журокто ишеним пайда болот аллахка ыраазымын крестиниди себеп кылып кыргыз футболун которгонуно алла ыраазы болсун ушул инсандан
+8
TalaCSKA
2018-09-10 23:01:11
murat17,эн туура айтасын! акыркы убакта футболдон ишенич пайда болду даже Бразилия болсун женебиз деген ишенич бар. Крестинин топ тренер!!!
+4
murat17
2018-09-10 23:04:29
TalaCSKA,даа 100процент кошулам жениш кут болсун
+1
mr.beka
2018-09-10 23:27:15
Ошондо канчанчы орунга чыкты КЫРГЫЗСТАН???
+1
TalaCSKA
2018-09-10 23:54:12
mr.beka,эмнеден канчанчы орунга ??? бул жон эле жолдоштук беттеш болчу.
0
mr.beka
2018-09-11 00:11:29
TalaCSKA,Рейтингде
0
FCB14
2018-09-11 12:18:17
mr.beka, кийинки айда биленет
0
Kamalbek
2018-09-11 12:18:28
Молодцы туугандар жешинибиз кут болсун! бирок Сирия кучтуу болчу.
+1
Jelezo
2018-09-11 14:19:30
Стадион бошко билетин баасы кымбат болдубу же элдин кызыгы жокбу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан