Япония менен өтүүчү беттешке катыша турган кыргыз футболчуларынын кеңейтилген курамы жарыяланды. Бул тууралуу футбол федерациясы билдирди.
Маалым болгондой, 20-ноябрь күнү Японияда өтө турган жолдоштук беттешке даярдык көрүү үчүн башкы машыктыруучу Александр Крестининдин 30 оюнчусу чакырылды. Жолдоштук беттеш 2019-жылдын башында өтүүчү Азия кубогуна даярдыктын негизинде өткөрүлмөкчү.
Улуттук команданын курамысы:
Дарбазачылар: Павел Матяш ("Алмалык", Өзбекстан), Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков ( экөө тең "Дордой"), Калыс Акималиев ("Абдыш-Ата").
Коргоочулар: Тамирлан Козубаев, Аскарбек Салиев, Авазбек Откеев, Мустафа Юсупов (бардыгы "Дордой" футболдук клубунан), Аманбек Маныбеков (“Абдыш-Ата”), Шерзот Шакиров (“Нефтчи”), Айзар Акматов (“Алга”), Дениэл Тэго (“Читтагонг Абахани”, Бангладеш), Виктор Майер ( “Виденбрюк”, Германия), Вениамин Шумейко (“ЮиТМ”, Малайзия)
Жарым коргоочулар: Павел Сидоренко, Азиз Сыдыков, Муролимжон Ахмедов, Жыргалбек уулу Кайрат, Бекжан Сагынбаев ,Фархат Мусабеков , Ислам Шамшиев (бардыгы "Дордой" футболдук клубунан), Бахтияр Дүйшөбеков (“Башундхара Кингз”, Бангладеш), Одилжон Абдурахманов (“Алай”), Ахлидин Исраилов (клубу жок), Эдгар Бернхардт (“Тыхы”, Польша), Антон Землянухин (“Илбирс”), Турсунали Рустамов (“Алга”)
Чабуулчулар: Виталий Люкс (Ульм 1846, Германия), Эрнист Батырканов (“Дордой”), Мирлан Мурзаев (“Сомаспор”, Түркия)