Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңеште юстиция министри кызматына Марат Жаманкуловдун талапкерлиги жактырылды.
106 депутат "макул" деп добуш берди. Ал эми каршы добуш бергендер болгон жок. Юстиция министри Айнур Абдылдаева 7-августта кызматынан бошотулган.
Марат Жаманкулов 2017-жылдан тарта Конституциялык палатанын аппарат жетекчиси болуп иштеп келет.