4-декабрга караган түнү "Ош базарында" өрт чыкты. Белгилүү болгондой, өрт кырсыгы тууралуу маалымат Өрт өчүрүү кызматына саат 23:39дар чамасында келип түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө 6 унаа барган. Базардын айланасы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт "Ош базарынын" айланасында жайгашкан кафелердин биринен чыгып, кийин кийим-кече сатуучу бөлүгүнө өткөн.
Жыл башынан бери аталган базарда төртүнчү жолу өрт кырсыгы катталууда. Буга чейин "Ош базарында" 3 жолу өрт кырсыгы болгон. Биринчи жолу 30-январда эртең менен базардын борбордук бөлүгүнө кире бериш жериндеги Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильондон чыккан. Андан кийин март айында ошол эле жер, "Сейтек" соода борбору өрттөнгөн. 13-апрелде базардагы "Берекет" соода түйүнүндө өрт чыгып, бир нече соодагерлер миллиондогон чыгымга учурашкан.