Нарын ОИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерин унаа сүзүп кетип каза болду

Нарын ОИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкери, милициянын подполковниги Күнболот Касымалиев жол кырсыгынан каза болду. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анда белгилүү болгондой, окуя 9-январдан 10-январга караган түнү болгон.

"10-январга караган түнү болжол менен саат 01:00 чамасында Ысык Ата РИИБине Бишкек-Торугарт унаа жолунун айланып өтүүчү жолунда адамды унаа сүзүп кеткени боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Алга айылынын тушунда 35-40 жаш чамасындагы адамды унаа сүзүп, качып кеткенин аныкташкан. Жаракат алган адам ошол жерден каза болгон. Тактоо иштеринин алкагында каза болгон адам Нарын ОИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкери Күнболот Касымалиев экени аныкталды. Ал баласынын оорусуна байланыштуу аны Бишкектеги ооруканага көрсөтүү үчүн эмгек өргүүсүндө жүргөн. Кырсык боюнча Касымалиевдин өлүмүнө себепкер айдоочуну издөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Күнболот Касымалиев 1982-жылы туулган. Анын артында жубайы жана 2 уул, 1 кызы калды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан