Ноокат районунда жол кырсыгы катталып, жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ 16-августта болжол менен саат 17:00 чамасында Жар-Коргон айылында орун алган.
“Анда ВАЗ 2121 үлгүсүндөгү унаанын 29 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай, унаа жардан ылдый түшүп кеткен. Натыйжада унаанын 56 жаштагы Ж.Б. аттуу жүргүнчүсү каза болгон. Учурда тиешелүү экспертиза дайындалды”,- деп айтылат маалыматта.