Төкмө акын Майра Керим кызынын уулу жол кырсыгынан каза болду

Майра Керим кызынын уулу, төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу жол кырсыгына кабылып, каза болду. Маалыматты Акжолтой Канатбек уулунун кесиптештери тастыкташты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Кочкорго бара жатканда орун алган. Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болгон.

Бул боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына байланышканыбызда, маалымат такталып жатканын билдирди.

SUPER.KG порталы Акжолтой Канатбек уулунун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Майра Керим кызынын уулу Акжолтой элди ыйлатты
"Ысык-Көлгө таазим" Акжолтой Канатбек уулу
Акжолтой Канатбек уулу: "Өмүр кино" (автор Улан Үсөйүн)
4 адамдын өмүрүн алган кырсык. Акын Акжолтой Канат уулу каза болду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
karona12
2019-11-11 10:18:33
(((((((((((Жаап жаш бойдон((((
+4
Muslim_KGstana.
2019-11-11 10:37:57
Жаман иш болуптур,ишене албай турам.
+4
tattusha
2019-11-11 10:44:29
Ииий жаман болуптур, ыйманы саламат болсун!
+2
aerforce
2019-11-11 10:54:47
Жаткан жери жайлуу болсун өкүнүчтүү
+1
AiperiO
2019-11-11 11:14:28
Окунучтуу... Кыргыздын жаш таланттарын жоготуп отурабыз. Кече Ырчы, акардион мн мыкты ырлары жеткире ырдаган, маданияттын мыкты кызматкери, А Бедияров, Ч Сатаевдин ырларын аткаруу боюнча гран ПРИНИН ээси ТАЛАНТ МАМАСАЛИЕВ да жол кырсыгына коз жумду...жаткан жери жайлуу болсун!
+3
Aimani
2019-11-11 12:28:18
Жаткан жери жайлуу болсун. Абдан өкүнүчтүү. Атасына сабыр берсин Аллахым
0
smatov
2019-11-11 12:40:15
Окунучтуу 10.11.19 кечинде эле туулган айылы
Ак Сайга келип ырдады эле,уйлондум деп суйунчулоп келинчегин сахнага алып чыгып жугунтуп элдин батасын алды эле. Корсо коштошуп кеткен экен да эл журту менен. Жаткан жери жайлуу болсун.
+3
akmanai
2019-11-11 13:48:40
smatov, Кандай окунучтуу окуп шок болдум. Уйлонсо аркасына туяк калтыра кеткен болсо экен. Келинчегине боорум ооруду. Атасына, уй булосуно(((
0
kuu-1005
2019-11-11 17:40:58
akmanai, келинчеги чогу каза болуптур.
0
Sakura715
2019-11-11 12:44:27
Ишене албай турам,эмнеге олумдор кобоюп эле жатат, ушул сонку кабарды окуу да азап болдуго...
Жаткан жери жайлуу болсун,аябай жакчу элее.........
0
Isikkolumkeremet
2019-11-11 16:53:06
Келинчеги экоо тен кайтыш болушуптур
0
arlekino
2019-11-11 19:36:15
Окунучтуу ото окунучтуу, жылдыздуу бала эле, эх жан алгыч периштен келсе баары бир алып кетет, себебин башка нерсе кылып койсо да. Мандайынга жазганы ушул тура. Жаткан жерин жайлуу болсун. Эх чиркин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан