Бүгүн, 21-январда Бириккен Араб Эмираттарында Азия Кубогунун жарым чейрек финалындагы беттештер уланууда. Анда Абу-Даби шаарында Кыргыз улуттук курама командасы БАЭ курамасы менен кездешет.
Оюн "Зайед спорт сити" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат. Бул беттеште калыстык милдетти Фу Мингдин баштоосундагы кытайлык адистер алат. Беттешке Кыргыз улуттук курама командасы кызыл түстөгү футболка менен чыгат.
15:50. Беттеш өтө турган "Зайед спорт сити" стадиону жөнүндө айта кетсек, стадион 1979-жылы салынып бүтүп, 1980-жылы алгачкы иш-чара өткөрүлгөн. Ал 45 миңден ашуун көрүүчүнү батырып, буга чейин бир топ ири мелдештерди өткөрүп келген.
21:45. Стадион оюнга даяр. Көрүүчүлөр акырындап өз орундарын ээлеп жатышат.
22:10. Кыргыз курама командасынын дарбазачылары оюн талаасына чыгып, беттеш алдындагы машыгууларды өткөрүүдө.
22:18. Ушул учурда 45 миң көрүүчүнү батыра алган стадиондо Кыргыз эстрадасынын ырчылары Бегиш жана Баястандын "Ак шумкар" аттуу чыгармасы жаңырып жатат.
22:25. Курамабыздын бардык футболчулары оюн талаасына чыгышты. Азыр алар машыгып беттешке даярдык көрүшөт.
22:40. Кыргыз курама командасы оюн талаасынан кийим алмаштыруучу жайга кетишти. Азыр Александр Крестинин курамга акыркы насаатын айтып, оюнга чыгышат.
22:50. Оюн талаасына Кыргыз менен БАЭ курама командаларынын жана АФКнын эмблемаларын алып чыгышты. Бир нече мүнөттөн кийин футболчулар чыгат.
22:53. Оюн талаасына эки мамлекеттин желеги, калыстар жана футболчулар чыкты. Оюн бир нече мүнөттөн кийин башталат.
22:55. Кыргыз өлкөсүнүн гимни жаңырды.
22:57. Бириккен Араб Эмираттарынын гимни жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр болушту.
23:02. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш башталды. Топту оюнга алгачкы болуп БАЭ курамасы кошту.
23:03. Азырынча топ талаанын орто бөлүгүндө. БАЭ курамасы көбүрөөк топко ээ болуп жатат.
23:04. Атаандаштар оюндагы алгачкы чабуулду аткарды. Айып аянтчага көтөргөн БАЭнин футболчусу таамай болгон жок..
23:06. Козубаев, Кичин жана Кадырбеков 2-кабатта жакшы оюн көрсөтүп, атаандаштын чабуулун токтотуп коюшту.
23:08. Кайрат Жыргалбек уулу оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазы менен белгиленди.
23:09. БАЭ курамасы айып соккуну аткарып, Ахмед Мохаммеддин соккусу таамай болгон жок.
23:10. Кыргыз курамасынын оюнчусуна каршы эреже бузулду.
23:11. Ахлидин Исраилов айып соккуну аткарды. Анын чыгарып берүүсүнө Кыргыз курамасынын оюнчулары жетишкен жок.
23:12. Бекжан Сагынбаев Виталий Люкска топту чыгарып берген. Бирок Сагынбаевдин узаткан соккусу таамай болбой, Люкс топко жетпей калды.
23:13. Кичин БАЭ курамасынын кооптуу чабуулун токтотту, топ чийинден чыгып, БАЭ топту бурчтан чыгарат.
23:15. Гол! БАЭ курама командасы катары менен 2-жолу топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып, аны ийгиликтүү колдонуп кетти.
23:17. Виталий Люкс чабуулга чыгып, командасына бурчтан көтөрүү мүмкүнчүлүгүн алып келди.
23:18. Кыргыз курамасы бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн, тилекке каршы, колдоно алган жок.
23:19. Тамирлан Козубаев атаандаштын чабуулун токтотуп, топту талаадан сыртка чыгарып салды.
23:20. Кыргыз футболчулары атаандаштарынын дагы бир гол киргизүү мүмкүнчүлүгүн колдонгонго жол берген жок. Топ Кыргыз курамасында.
23:23. Кыргыз курама командасы чабуулга чыгып, ийгиликтүү сокку жарата алган жок.
23:24. Бекжан Сагынбаев оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазы менен белгиленди.
23:25. Кыргыз курамы чабуулга чыгып бара жатып топ Мирлан Мурзаевдин колуна тийип калды. Ошентип топ БАЭнин карамагына өттү.
23:27. ГО-О-О-О-Л! Мирлан Мурзаев атаандаштын айып аянтчасынан дарбазачыны жана 2 оюнчуну алдап өтүп эсепти тең кылды.
23:28. Мурзаев гол киргизген учурда БАЭнин оюнчусу жаракат алып калып, азырынча БАЭ курамасы 10 оюнчу менен ойноп жатат.
23:30. БАЭнин чабуулчусу Кадырбеков менен бетме-бет келип, бирок офсайд абалында болуп калган. Аны байкаган калыс ышкырып, чабуулду токтотту.
23:31. БАЭ курамасынын жаракат алган оюнчусу беттешти уланта албай калды. Машыктыруучу аны алмаштырып койду.
23:32. Кичин атаандашы менен түртүшүп топту оюн талаасынан чыгарып салды. БАЭ курамасы топту бурчтан чыгарат.
23:33. Кыргыз коргоочулар мыкты ойноп, атаандаштын чабуулун токтотуп топко ээ болушту.
23:35. БАЭ курамасы кайрадан топту өзүнүн карамагына өткөрүп алды, бирок Кыргыз курамасы топту алууга аракеттенүүдө.
23:37. Стадиондогу кыргыз күйөрмандары тууралуу айта кетсек, стадиондо Кыргыз күйөрмандары бар, алар 3 сектордо орун алышып, Кыргыз курама командасын мыкты колдоп жатышат.
23:38. Мустафа Юсупов талаанын оң бурчунан чабуулга чыгып, командасына бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.
23:39. Тилекке каршы, Кыргыз курамасы бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн колдоно албай калды.
23:40. БАЭ курама командасынын капитаны алыскы аралыктан Кадырбековдун дарбазасына сокку узатты. Бактыга жараша, топ дарбазадан жогору өтүп кетти.
23:41. Кайрадан БАЭ курама командасынын чабуулун калыс токтотууда. БАЭнин оюнчусу офсайд абалында.
23:43. Кыргыз футболчулар акырындан атаандаштын аянтчасына жакындап бара жатат. Юсупов топту ауттан чыгарат.
23:44. Кыргыз курамасынын оюнчулары атаандаштын айып аянтчасынан оюн эрежесин бузушту. Топ БАЭге өттү.
23:45. Виталий Люкс офсайд абалында болуп калды. Ага Кайрат Жыргалбек уулу топту өткөргөн.
23:46. Беттештин 1-таймы аяктап калды. Калыс кошумча 1 мүнөт ойногонго берет.
23:47. Кыргыз футболчулары оюн эрежесин бузуп, БАЭ курама командасы ийгиликсиз айып сокку аткарды.
23:48. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аяктады.
00:04. Калыс 2-таймга старт берди. Топту оюнга Кыргыз курама командасы кошту.
00:05. Тамирлан Козубаев БАЭ курамасынын кооптуу чабуулун токтотуп койду. Топ кыргыз футболчулардын карамагына өтүп, алар чабуулга чыгышты.
00:07. Мирлан Мурзаев атаандашынан топту тартып алып чабуулга чыккан. Бирок калыс эреже бузуу орун алды деп чабуулду токтотуп койду.
00:08. Ахлидин Исраилов топту айып аянтчага чыгарып берген, топ Мурзаевге барып, бирок ал топко жетпей калды.
00:09. Кыргыз футболчусуна каршы эреже бузулду. Кыргыз курамы айып сокку аткарат.
00:10. Айып соккудан кыргыз курамасы натыйжа чыгара алган жок.
00:11. Валерий Кичин алыстан сокку узатып, топ дарбазанын таякчасына тийип калды.
00:14. БАЭ курамасы бир нече жолу чабуул жасаганга жетишти. Бирок Кыргыз курамасынын оюнчулары мыкты оюн көрсөтүп атаандашына мүмкүнчүлүк берген жок.
00:15. Бекжан Сагынбаев алыстан сокку узатып, ийгиликке жакын болду. Анын соккусун дарбазачы кайтарып, топ талаадан чыгып кетти. Кыргыз курамасы топту бурчтан чыгарат.
00:16. Кыргыз курама командасы биринчи мүмкүнчүлүгүн колдоно алган жок, бирок дагы бир мүмкүнчүлүк тапты.
00:18. Кайрат Жыргалбек уулу бурчтан көтөрүлгөн топту башы менен дарбазага багыттаган. Бирок, тилекке каршы, ал дарбазадан жогору өтүп кетти.
00:19. БАЭ курамасынын машыктыруучусу тактикалык алмаштыруу жасады.
00:21. Гол! БАЭ курама командасы эсепти 1:2 кылып кетти.
00:23. Кыргыз курама командасында алмашуу орун алды. Эдгар Бернхардттын ордуна оюнга Азиз Сыдыков кошулду.
00:25. Кичиндин дарбазачы менен бетме-бет келгенге мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок ал Люкстун пасын тосо албай калып, топту жоготту.
00:27. Тамирлан Козубаев айып аянтчанын чийининен сокку узатты, бирок ал, тилекке каршы, таамай сокку узата алган жок.
00:29. БАЭнин оюнчусу эреже бузуп, кыргыз курамасы айтып сокку аткарат.
00:30. Тамирлан Козубаев айып аянтчага чыгарылган топту, тилекке каршы, таамай багыттай албай койду.
00:31. Виталий Люкс коргонууда Кыргыз курамасына жардам берип, атаандаштын чабуулун токтотту.
00:32. БАЭ курамы гол киргизди, бирок калыс бул жерден офсайд абалын көрүп калган.
00:34. Кыргыз курама командасында алмашуу орун алды. Ахлидин Исраиловдун ордуна оюнга Турсунали Рустамов кошулду.
00:35. Мирлан Мурзаев чабуулда оюн эрежесин бузду. Топ азырынча БАЭ курамасында.
00:36. Мусабековго каршы оюн эрежеси бузулду. БАЭнин оюнчусу сары айып кагаз менен белгиленди.
00:37. Кыргыз курамасында алмашуу орун алды. Фархат Мусабековдун ордуна оюнга Антон Землянухин кошулду.
00:39. БАЭ курамасында алмашуу орун алды. Муну арабиялык күйөрмандар кол чабуу менен тосушту.
00:40. Рустамов оюн эрежесин бузду. Топ БАЭ курамасында.
00:41. Кыргыз курама командасы кезектеги чабуулун ийгиликтүү жыйынтыктай алган жок. Арабиялыктар топту жоготуп, Кыргыз курамы кайра чабуулга чыгууда.
00:45. Мирлан Мурзаев оюн эрежесин бузуп, сары кагаз менен белгиленди.
00:47. Мурзаевге каршы оюн эрежеси бузулду. Кыргыз курамы айып сокку аткарат.
00:48. Айып соккудан Кыргыз курамы бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн гана ала алды.
00:49. ГООООООЛ!!! 2:2.Рустамов эсепти тең кылды. Ал бурчтан чыгарылган топту башы менен дарбазага багыттап гол жаратты.
00:51. Беттештин 2-таймы аяктады. Эсеп тең болгондуктан командалар дагы 2 кошумча тайм ойнойт. Эгерде анда жеңүүчү аныкталбаса, командалар пенальти сериясына барышат.
00:56. Калыс алгачкы кошумча таймга старт берди. Топту оюнга БАЭ курамасы кошту.
00:58. БАЭ курамасынын оюнчусу Кутман Кадырбеков менен бетме-бет келип, бирок соккусу таамай болбой калды.
01:02. Кайрат Жыргалбек уулу атаандаштын чабуулун токтотуп, топту талаадан чыгарып салды. БАЭ курамасы эми топту бурчтан чыгарат.
01:04. БАЭ курамасынын оюнчусу ачык дарбазага сокку узата албай калды. Топ Кыргыз курамасында.
01:05. 1-кошумча таймдын аягына дагы 5 мүнөт убакыт калды. Азырынча Кыргыз курамасы чабуулга чыга элек.
01:07. Бекжан Сагынбаев оюн эрежесин бузуп, калыс БАЭге пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк берди.
01:08. Кыргыз курамасында алмашуу орун алды. Гол жараткан Мурзаевдин ордуна оюнга Бахтияр Дүйшөбеков чыкты.
01:09. БАЭнин оюнчусу пенальтини жакшы аткарып, Кутман Кадырбеков анын соккусун тосконго үлгүрбөй калды.
01:11. Жыргалбек уулу БАЭнин оюнчусун жыгылтып, оюн эрежесин бузду. БАЭнин оюнчулары айып сокку аткарат.
01:12. Калыс 1-кошумча таймга дагы 1 мүнөт кошту.
01:13. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-кошумча тайм жыйынтыкталды.
01:15. 2-кошумча тайм башталды. Кыргыз курамасы алгачкы мүнөттөн чабуулга чыкты.
01:16. Бахтияр Дүйшөбеков эсеп санын алмаштырууга жакын болду. Анын башы менен узаткан соккусу штангага тийип калды.
01:24. Кыргыз футболчу оюн эрежесин бузуп, БАЭнин оюнчулары айып сокку аткарат.
01:25. БАЭнин оюнчусунун соккусу таамай болгон жок. Бирок топ дагы да БАЭ курамасынын карамагында.
01:27. Оюндун аягына дагы 3 мүнөт убакыт калды. Кыргыз курама командасы бул убакытта эсепти тең кылганга жетишет болду бекен?
01:29. Акыркы мүнөттөрдө БАЭ курамасы чабуулга чыгып, кыргыз футболчулары оюн эрежесин көп бузууда.
01:30. Кошумча убакыт аягына жетип, калыс дагы 2 мүнөт кошуп берди.
01:32. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш соңуна келди. Кыргыз курама командасы бул беттеште 2:3 эсебинде жеңилип калды.