Футбол боюнча улуттук курама команда Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында өтө турган беттешке даярдыгын баштады. Анда Индия менен конокто кез келет.
Футбол федерациясы билдиргендей, машыгуу сбору Бишкек шаарындагы Футбол борборунун стадионунда өтүүдө. Александр Крестинин курамга жалпы 23 футболчуну чакырган (футболчулардын тизмеси бул шилтемеде).
Белгилей кетсек, оюн 13-июнда Индиянын Бенгалор шаарында өтөт.