Биз социалдык тармакта

Президент Садыр Жапаров "анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта жазылгандай, Конституция ар кимдин ар намысын коргоо укугуна кепилдик берет. Кол коюлган мыйзамга ылайык, мамлекет чектерди коюу менен укуктук аткарылышын камсыздайт.

"Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган маалыматтык ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат.

Муну менен мыйзам ар кимдин маалымат ресурстарына жеке кайрылуусу аркылуу интернет айдыңында тарап, чындыкка дал келбеген маалыматтын таратылышынан коргоого кошумча кепилдикти аныктайт.

Мыйзам тарабынан сунушталган процедуралар негативдүү кесепеттерди, анын ичинде репутациялык (имидждик) жоготууларды, иштен кетүү мүмкүндүгү, материалдык пайдадан айрылуу жана башкаларды минималдаштырууга мүмкүндүк берет", - деп жазылат президенттик администрациянын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal3
2021-08-24 18:07:46
Садыр Жапаров ЛОХ экенин дагы бир жолу далилдеди......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан