Баткенде түн тынч өттү. Бирок абал чыңалуу бойдон

Бүгүн, 19-сентябрь саат 08:00гө карата кыргыз-тажик чек арасынын Чоң-Алай районундагы тилкесинде абал чыңалуу бойдон турат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Ошол эле маалда 18-сентябрдан 19-сентябрга караган түн тынч өттү. Ок атышууну токтотуу келишимдерин бузуулар катталган жок.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан Чек ара кызматынын бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан