Кыргызстанда 2013-жылы прокуратура тарабынан 1174 кылмыш иши козголду. Муну парламенттин 17-апрелдеги жыйынында башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Маалыматка таянсак, былтыр прокуратура тарабынан 8479 текшерүү жүргүзүлдү.
“Анын жыйынтыгында 15862 прокурордук көзөмөл актысы түзүлүп, 6365 адам жоопкерчиликке тартылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 174 адамдын мыйзамсыз соттолгону аныкталды”,- деп билдирди Салянова.
Айта кетсек, парламентте башкы прокурор 2013-жыл боюнча отчёт берүүдө.