Адвокат: "Аскар Акаев Орусиянын жетекчилигинин кеңеши менен Кыргызстанга келген жок"

Адвокат Икрамидин Айткулов 6-августта "Фейсбуктагы" баракчасына Аскар Акаев Орусиянын жетекчилигинин кеңеши менен Кыргызстанга келбей калганын жазып чыкты.

"Аскар Акаевич аэропортко келгенде Орусия Федерациясынын жетекчилигинен телефон чалышып, коопсуздук боюнча кепилдик болбогонун айтып, барбай туруу боюнча кеңеш беришти. Бишкектеги уюштуруу комитети агасынын жерге берүү тажиясынан кийин экс-президентти кармап кетишери даярдалып жатканын, андыктан келбей эле коюуну айткан. Аскар Акаевге агасы менен коштошконго мүмкүнчүлүк беришкен жок. Бул адамдык сапаттын бардык чегинен чыккандык. Бийликтин бул аракети жерге берүү зыйнатын мазактагандык менен барабар",- дейт Айткулов.

Кыргызстандын туңгуч президенти А.Акаевдин бир тууган агасы Болот Акаев 81 жашында каза болду. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлуп, акыркы сапарга узатуу зыйнатына Орусиядан Аскар Акаевдин уулу Илим Акаев келген. Илим атасы тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан. Ал эми туугандары Аскар Акаевдин коопсуздук маселесинен улам агасынын тажиясына келе албаганын айтышкан. Коомчулукта "Акаевдин келбей калышына башкы прокурор Аида Салянованын "Аскар Акаев Кыргызстанга келсе, айрым кылмыш иштери боюнча көрсөтмө берет" деп айтканы себеп болгон" деген пикирлер айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан