"Бишкек – дүйнөлүк адабият борбору" акциясынын катышуучулары акын Алыкул Осмоновду эскеришти (фоторепортаж)

Бүгүн, 20-августта Бишкекте 80-бүткүл дүйнөлүк жазуучулардын конгресcинин алкагында "Бишкек – дүйнөлүк адабият борбору" аттуу 2-социалдык маданият акциясы өткөрүлдү. Иш-чара КРнын Улуттук китепканасынын жанындагы Алыкул Осмоновдун эстелигинин астында уюштурулуп, ага чыгармачыл инсандар, Кыргыз Эл акыны Майрамкан Абылкасымова жана башкалар катышышты.  

Иш-чараны "Учур" театрынын актёру Чыңгыз Мамаев кыргыз поэзиясынын таң чолпону Алыкул Осмоновдун   образында чыгып, мекенге арналган чыгармаларын окуп ачып берди. Ошондой эле чыгармачыл инсандар чыгармачылыгы менен бөлүшүштү. Андан соң залкар акын Алыкулдун эстелигинин астына гүл коюшту.

"Биз бул иш-чаранын алкагында коомдук жайларга, сейил бактарга, китепканалардын алдына китеп таштайбыз. Мындай ыкма менен жарандарды китеп окууга чакырабыз. Китептин артында "окуп, аны тааныштарыңа бер" деп жазылып турат. Бүгүн иш-чара Алыкул Осмоновдун эстелигинин алдында өтүп жаткандыгына байланыштуу саамалыкты анын китебин калтыруу менен баштайбыз",- дейт уюштуруучулар. 

"2015-жылы биздин чыгаан инсан Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгы белгиленгени турат. Өзү жок болсо да, ал кайталангыс чыгармаларын калтырып кетти. Кыргыз эли аны менен сыймыктанат. Ошондуктан ал иш-чараны жогорку деңгээлде өткөзүү - биздин милдетибиз",- дейт Чыңгыз Мамаев. 

Иш-чараны PEN-клубу уюштурду. PEN – англис сөзүнүн аббревиатурасы, poet – акын, essayist – эссеист жана novelist – романист, ошондой эле "pen" сөзү "калем" дегенди түшүндүрөт. Клуб 1921-жылы Лондондо түзүлгөн. Клубдун максаты – бүткүл дүйнөдөгү жазуучуларга чыгармачылык колдоо көрсөтүү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан