Бишкекте пайгамбардын карикатураларына каршы акция өтүп, Парижде курман болгон журналисттер сынга алынышты (фото)

Бүгүн, 20-январда Бишкектеги М.Горький атындагы сейил багында мусулмандардын "Мен пайгамбарымды сүйөм!" деген аталыштагы тынч митинги өттү. Ага 300гө жакын адам катышып, алардын арасында 50 чакты аял да болду. Ал эми белгилүү адамдардан Жогорку Кеңештин депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Равшан Сабиров, Ыргал Кадыралиева, "Республика - Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө К.Ташиев сөз алып, “динибизди коргой албасак, башкалардын мазактоосуна жол берсек, динибизди сүйбөгөн болобуз” деген пикирин айтты. Андан соң ал сламга каршы чыккандар мусулмандарды террорчу катары көрсөтүүгө аракет кылышууда. Ислам дини таза, ыйык дин экенин далилдеш үчүн бүгүн биз ушул чогулушка чыктык" деп сүйлөгөндө чогулгандар “Аллаху Акбар” деп жапырт үн кошушту.
Турсунбай Бакир уулу өз сөзүндө Парижде редакцияга чабуулдан улам набыт болгон француз журналисттерин сынга алды. "Франция эли өз тарыхында улуу адамдарга бай. Улуу жазуучулар, сүрөтчүлөрдүн аттары бүт дүйнөгө белгилүү. Ал эми пайгамбарыбыздын карикатураларын тарткандар бул тизмеден алыс. Сионисттер болуп саналган айрым мекендештерим ушул 12 француз журналистинин өлүмү боюнча көңүл айтканы мени уят кылды. Неге алар жүздөгөн мусулмандар өлүп жатканда унчукпай отурушат? Неге алар бүгүн бул жакка келишкен жок? Мындай эки жүздүү болбош керек",- деди депутат.
Бир жарым саатка созулган жыйналыш куран окуу менен аяктады. Эч кандай укук бузуу байкалган жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
beast
2015-01-20 15:27:39
мен каршымын парижге
+3
admin_portal
2015-01-20 15:34:06
beast - эскертүү! Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
-2
KIPCHAK-KALMAK
2015-01-20 17:09:50
Аллаху акбар молодец чыккандар туугандар кайдигер карабайлы болуп аткан окуйаларга бир бололу пайгамбарды САС суйолу! Кана комен жазайн деешпейтко саясат болсо эле башы менен кире калышып жазышат миттинге барбасакта жок дегенде колдоп койолук туугандар
+4
nursultan1
2015-01-20 17:18:53
АЛЛАХУ АКБАР, Аллах улук, Аллах жалгыз, Мухаммед(САВ) анын элчиси... Мен оз пайгамбарымды суйом, себеби мен анын уммотумун ИНЬЩААЛАХ
+2
fora
2015-01-20 17:34:37
Пайгамбарыбызды мазактаган адамдардын жазасын Аллах озуу берсин
+2
myrza80
2015-01-20 17:56:02
Бакир уулунун созуно кошуламын туура айткан дуйнодо канча мусулмандар олуп атат эч ким ун чыкпайт алардын ичинде канчалаган жаш наристелер,алар кимдер пайгамбарыбызды мазактагыдай ырас болот башка кимда болсо ошонтип жазасын алат.ХХХ ХХХ ХХХ
+2
admin_superstan
2015-01-20 18:32:24
myrza80, провокация жаратпаңыз!
-3
Kanat8427
2015-01-20 20:54:09
Аллах улук, жазасын берсин шылдындагандардын.
+2
Naimanka-kg
2015-01-20 21:35:38
Пайгамбарыбыздын (с.а.в) карикатурасына каршымын. Париждеги журналисттер оз жазасын алышсын. (точнее уже алышты)
+2
kazemir
2015-01-21 00:42:10
Уюштургандарга рвхмат !
+2
Rifle
2015-01-21 12:26:00
Уюштургандарга рахмат !
+2
Rifle
2015-01-21 12:25:15
Турсунбай Бакир уулу АША эмне дейт эми ?

Бул менимче мусулмандарды дагы да болсо жаман корсотууго даярдалган ыкма болсо керек. Бир ок менен эки коен атты. Еврейлер жасады. АКШ да Иракка кол салаардан мурун, озундо теракт уюштурган эгиз бизнес зданиясын жардырып.
+1
baba.
2015-01-21 12:29:43
Турсунбай Бакир уулунун айткан создоруно толук кошулам жана колдойм!!!
+1
Ali-5
2015-01-21 14:22:19
Аллахка шукурчулук, Пайгамбарыбыз Мухаммедке Аллахтын тынчтыгы жана жакшылыктарыф болсун. Мен пайгамбарды суйом. Бакир уулу азамат 20 жылдан бери исламды колдойт. Калгандар эми ойгонуп жатат. Мусулмандар Алга!!!!
+1
sumash
2015-01-21 14:29:12
мусульман бир тугандар алга
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан