"Башкы прокурор Аида Салянованын кызматынан кетиши - саясий буйрутма. Бийликте таза иштеп жаткан адамды кызматтан алуу - бут тоскондук" дешет анын кызматта калуусун талап кылып митингге чыккандар. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Ак үйдүн алдында Аида Салянованын тарапташтары айтышты.
Митингге жаш-кары дебей, бардык жаштагы жарандар катышууда. Алардын саны саат санап өсүүдө. Себеби ары-бери өтүп, коомдук унаада бараткандар түшүп, башкы прокурордун кызматында калышын колдоп жатышат.
“Мен Аида Саляновадан суранат элем, кызматыңдан кетпе! Сага кыргыз элинин баары ишенет. Сенин кызматка келишиң менен канча акча жегендердин бети ачылды. Менин оюмча, аны таза иштеп жаткандыгы үчүн кызматтан кетирип жатышат. Ал эми күйөөсүнө козголгон кылмыш ишин бут тоскондук деп ойлойм”,- дейт Сокулук районунан келген Сагийпа Исламова.
Митингге келген шаардын студенттери да Аида Салянованын кызматтан кетишине каршы.
“Биздин өлкөбүздүн тарыхында башкы прокурор алгачкы жолу аял киши болду. Буга чейин бул кызматта иштеп келген мырзалар мындай жыйынтык беришкен эмес, бере да албайт. Ошол себептен улам ал өзү ээлеген кызматынан кетпеши керек”,- дейт борбордогу жогорку окуу жайларынын биринин студенти Бегай Көпшөкөва.
“Жеп-ичкендердин баарынын бетин ачкан кызматкерди иштетиш керек. Бийликтегилер аны кызматтан кетирип туруп, буга чейин ачылган кылмыш иштердин бетин жаап койгону жатышат”,- дейт Нарын шаарынан келген Бурул Асанова.
"Урматтуу кыргыз элим, мен бул митингге Аида Салянованы колдоо үчүн келдим. Эл ага ишенген жана ишене берет. Бул айым коррупция менен күрөшүп келген. Ал баштаган ишинин аягына чыгышы зарыл. Президентибиз жаңы жыл алдында башкы прокурор кетпейт деп айткан, эми биз кимге ишенишибиз керек?”- дейт митингдин катышуучусу Талант Акматов.
Учурда митингдин катышуучулары Ак үйдүн алдында турушат. Алар бийлик өкүлдөрү менен жолугушууну күтүшүүдө.