1-8-июнь аралыгында Түштүк Африка Республикасында пауэрлифтинг боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды. Анда жаштар арасында Кыргызстан Дүйнө чемпиондуктарынын тарыхында биринчи ирет алтын медаль тагына алды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда маалымат жыйынында аталган спорт түрү боюнча федерациясынын президенти Бакыт Керимбеков билдирди.
Анын айтымында, мелдеште 20 жаштагы Алымбек уулу Акжол 53 килограмм салмакта жалпысынан 437,5 килограмм көрсөткүчү менен алтын медаль тагынды. Ал эми анын байкеси Азамат 59 килограмм салмакта жаштар арасында 487,5 килограмм көтөрүп, 2-орунду ээледи. “Пауэрлифтинг спорту Кыргызстандын аймагында көп убакыттан бери бар. Ал эми бул спорт түрү боюнча федерация 2004-жылдан бери иштейт. Алтын медаль Кыргызстандын тарыхында болгон эмес”,- дейт Бакыт мырза.