Кирүү
Сыр сөзүм кандай эле?
Каттоо
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
Саясат
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
СОТТУК ИШТЕР
Спорт
Элдик кабар
Супер-Инфо
Түркүн дүйнө
Тест куржун
“SUPER MEDIA” пресс-борбору
Сурамжылоо
Бизнес-Инфо
Ийгилик сыры
Эмгек жарчысы
Көз караш
Лонгрид
Президенттик шайлоо - 2021
Ийгилик жолунда
Адистен кеңеш
super.kg орусча
СУПЕР-ИНФО
Саясат
Шоу дүйнө
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Маданият
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Супер-Инфо 20 жашта
Көз караш
Эмгек жарчысы
SUPER.KG ВИДЕО
Саясат
Cоңку кабар
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
Спорт
Супер-Инфо
Пайдалуу кеңеш
Түркүн дүйнө
Жылмайып коюңуз
Пресс-Борбор
Жылдыз төлгө
Жан дүйнө
Ашкана сырлары
Эмгек жарчысы
Реалити-шоу
Көз караш
Шайлоо-2020
Бизнес-инфо
МЕДИА-ПОРТАЛ
Видеоклиптер
Аудиоклиптер
Элдик видео
Кинозал
КЫРГЫЗ ТАСМАЛАРЫ
СЕРИАЛДАР
КОНЦЕРТТЕР
ЖЫЛНААМА
Суперстан
Информация о рекламе
Шоу дүйнө
КАНАТТЫН КОМАНДАСЫ «БИРДИ ЭМЕС, МИҢДИ ЖЫГАМ» ДЕЙТ
1
2674
“Билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миңди жыгат” дегендей, Мирбек, Даниель, Алихан жана Гүлжигит аттуу жигиттерибиз эми англисче ырларды акценти жок ырдаганга бел байлашыптыр...
№ 446, 20-26-май, 2011-жыл
АЙЖАНДЫН ЖАН ДҮЙНӨСҮ БИЙ МЕНЕН
1
2364
Айжан Газиева жакында болуп өткөн “Жан дүйнөм дайым бий менен” аттуу долбоордо баш байгеге ээ болду. “Бул долбоорго 11 түгөй ат салыштык. Мен Муса Сомкулов деген дизайнер жигит менен бийледим”,- дейт ырчы...
№ 446, 20-26-май, 2011-жыл
АЛДЫҢА КЕЛСЕ, АТАҢДЫН КУНУН КЕЧ...
5
3929
Роза Аманова менен анын шакирти Гүлнур Асанованын таарынычтарынан кабарыңыз бар чыгар. Роза айым: “Гүлнур ишенген шакиртим болчу. Андан мындайды күткөн эмес элем. Ортодогу кимдир бирөөлөрдүн сөзүнө ишенип мага таш ыргытканы үчүн адвокатка кайрылууну туура таптым”,- деп билдирген эле...
№ 446, 20-26-май, 2011-жыл
«СУПЕР СУЛУУ-2011» СЫНАГЫ СТАРТ АЛДЫ!
0
3153
Кыргызымдын кымча бел, ай жүздүү, чырайлуу бийкечтеринин кулагына күмүш сырга! “Супер сулуу-2011” сынагы кайрадан стартта. Сынактын мурунку жеңүүчүлөрү Анталия, Мисир, Таиландга кыштын ызгаарында барып эс алып келгени тууралуу маалыматыңыз бар болсо керек...
№ 446, 20-26-май, 2011-жыл
МАДОННА МЕНЕН ЛЕДИ ГАГА ТУУГАНБЫ?
0
2084
Атактуу ырчы Леди Гага сахнада пайда болгондон тарта эл аны Мадоннага салыштырчу. Жакында эле генеология боюнча изилдөөчү Крис Чайлд эки ырчынын аталаш тууган экенин изилдеп чыкты. Көрсө, экөөнү тогузунчу тукуму бириктирип турат экен...
№ 446, 20-26-май, 2011-жыл
МАША МАЛИНОВСКАЯ УУЛДУУ БОЛДУ
0
2059
11-майда белгилүү телеалпаруучу Маша Малиновская көз жарып, ымыркайга Михаил деген ысым ыйгарды. “Уулумдун атын Мирон коём деп жүрчүмүн. Бирок ал томпоюп мамалакка окшош болгондуктан, Михаил коюуну чечтим”,- дейт телеалпаруучу.
№ 446, 20-26-май, 2011-жыл
БЕЙОНС МЕНЕН ЖЕЙ ЗИ ЭКИ ИРЕТ ҮЙЛӨНҮШӨТ
1
1961
2007-жылы баш кошушкан жылдыздуу түгөйлөр – Бейонс Ноулз жана Жей Зи эмгек өргүүсүн Парижде өткөрүп келишип, эми балалуу болууну ойлонушууда. Эки жылдыз бул планды ишке ашыруу алдында мамилелерин дагы бир ирет бекемдөө максатында кайрадан үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрмөкчү болушту...
№ 446, 20-26-май, 2011-жыл
ПОЛ МАККАРТНИ ТӨШӨК ЖАҢЫРТАТ
0
1899
68 жаштагы музыкант Пол Маккартни төрт жылдан бери сүйлөшүп жүргөн 51 жаштагы америкалык Нэнси Шевелл аттуу айымга баш кошот. Эскерте кетсек, музыканттын биринчи жубайы Линда 13 жыл мурда каза болсо, экинчи түгөйү модель Хизер Миллс менен жылдызы келишпей ажырашып кеткен...
№ 446, 20-26-май, 2011-жыл
«ЕВРОВИДЕНИЕ-2011» ЖЕҢҮҮЧҮСҮН ТАПТЫ
0
1943
15-майда Германиянын Дюссельдорф шаарында “Евровидение-2011” музыкалык сынагы өттү. Сынактын жеңүүчүлөрү деп “Running Scared” аттуу ыры менен азербайжандык Эльдар Гасымов жана Нигяр Жамал аталышты. Жалпысынан аталган сынакка 43 өлкө катышкан. Ал эми Орусия ондукка да илинген жок.
№ 446, 20-26-май, 2011-жыл
ГҮЛНУР РОЗА АМАНОВАНЫ КОРКУТАМ ДЕЙБИ?
13
9282
Ырчы жана актриса Гүлнур Асанова бизге берген маегинде устаты Роза Аманова менен АКШда жүрүп таарынышканын айтып, “ушакчылардын кебине ишенип, мени катуу капа кылды” деген эле. Экөөнүн жаңжалынын чоо-жайы бат эле угулду...
№ 445, 13-19-май, 2011-жыл
БАКТЫГҮЛГӨ НЕ БОЛГОН?
7
7855
www.super.kg сайтынын Медиа-порталындагы “Элдик видео” бөлүмүнө колдонуучулар тарабынан Бактыгүл Бадыева тартылган видео жүктөлгөн эле. Бир мүнөткө жетпеген бул видео учурда Кыргызстандын интернет порталдарынын баарында жүрөт...
№ 445, 13-19-май, 2011-жыл
НУРЗАТ ЖАМАЛ СЕЙДАКМАТОВАГА КЕЛИН БОЛДУ
1
40002
Нурзат Токтосунова Жамал эжеге тыкылдап өз оюн бербеген келин, күйөөсүнө обу жок эркелеген жар болуп жатыптыр. Нурзаттын кантип келиндик доор сүрүп жатканын “Колибри” аттуу тасмадан байкай алат экенбиз...
№ 445, 13-19-май, 2011-жыл
ГҮЛШАЙЫР ЭЖЕ НЕБЕРЕСИН БЕШИККЕ САЛДЫ
1
2999
Жаңы жыл астында мурунку “кыз-буракчылар” Кенже, Гүлнара, Айжамалдар устаты Гүлшайыр Садыбакасованы таарынтып алып, кайра кечирим сурап, аны коноктошкон эле. Ушундан кийин устат менен шакирттердин ортосундагы абал жакшырган го дейм...
№ 445, 13-19-май, 2011-жыл
БАЙЫШ, БЕШИК БОО БЕК БОЛСУН!
2
5118
Майрам майрамга уланып, Улуу Жеңиш күнүнүн эртеси Байыш Момунов салмагы 3 килограмм 200 грамм болгон кызгалдактуу болду. Ырчы бул тууралуу: “Кызымдын мурду мага окшош экен. Учурда наристеге ат тандоо менен алекмин...
№ 445, 13-19-май, 2011-жыл
Бир бүркүм... РОЗА КОШ ЖАЗДЫК БЕЛЕК КЫЛАТ...
1
2320
Кумар Асанов 22-23-майда Улуттук китепканада “Мекен жер” ырлар жыйнагынын бет ачар аземин өткөрөт... “Версус” тобунун бийчиси, модельер Айпери 21-майда баш калаадагы эс алуучу жайлардын биринде кийим-кечектер көргөзмөсүн өткөрөт...
№ 445, 13-19-май, 2011-жыл
МАЖИТ СТУДЕНТТИК ДООРГО АТТАНАТ
0
2480
Студент болууну самаган Мажит 9-классты бүтүп-бүтпөй Мураталы Күрөңкеев атындагы Музыкалык окуу жайга тапшырганы чамынып калыптыр. Мектепте окуп жүргөндө эле гастролдоп, сабактарын көп калтырган Мажит эми студент болгон соң бул адатын күчөтүп жибербесе болгону.
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
ЖЕҢИШГҮЛ ӨЗҮБЕКОВАНЫН КОЛУ УЗАРДЫ
3
2547
КРнын Жаштар сыйлыгынын лауреаты, акын жана драматург Жеңишгүл Өзүбекова менен коомдук ишмер, тилчи Ташбоо Жумагулов кичүү уулу Илимбекти үйлөнтүштү. “Келинибиз Аселди 27-май күнү кыргыз салты менен үйүбүзгө алып келдик...
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
СҮЙҮНЧҮ! СУЛТАН УУЛДУУ БОЛДУ!
22
11979
Ырчы Султан Садыралиев “Супер-Инфого” берген акыркы интервьюларында “келинчегим көз жарса, биринчи силерге сүйүнчүлөйм” деп сөз берген эле. Убадасына турган жигит 5-май күнү эртең менен редакциябызга коңгуроо какты...
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
КЛАРА АЛИППЕНИ КАЙРАДАН БАРАКТООДО
7
3453
Эмне, тамгаларды унутуп калыптырбы дейсизби? Жок. Ырчы Байыш Момунов экөөнүн сүйүүсүнөн жаралган уулу Байэл эс тартып, быйыл мектеп босогосун аттаганы жатыптыр...
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
ФАРХАТ ҮЙЛӨНӨБҮ?
1
2161
Фархат Кеңешбек уулу “Кайдагы сүйүү?” деп сыздап жүрүп акыры сүйүктүүсүн тапканбы дейм. Ырчы учурда борбордогу эки бөлмөлүү батирин оңдоп-түздөө менен алектенип жаткан экен. Буга чейин курулуш иштерине жолобогон Фархат кафель чаптаганды да үйрөнүптүр...
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
АЛИШЕР МЕНЕН ГҮЛЖИГИТ ТӨШ БЕЛГИ ТАГЫНЫШТЫ
3
2659
3-май күнү эстрада ырчылары Алишер Тоотаев менен Гүлжигит Сатибеков “Маданият министрлиги тарабынан “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйландык” деп албыра сүйүнүп келип калышыптыр...
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
НАЗИРА-НУРЛАН ТАНДЕМИ
2
2634
Куудул кызыбыз Назира Жетигенова ырчы жигитибиз Нурлан Насип менен каакымдын үлпүлдөктөрүн үйлөп калганында эмне кеп болду экен? Көрсө, Назира менен Нурланды “Кош жылдыз” долбоору табыштырып, “Алданба”, “Ойлодуң бекен?” деген ырларды чогуу созолу деп жатышкан тура.
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
Бир бүркүм... МЫКТЫ АНЕКДОТКО ТҮСТҮҮ СЫНАЛГЫ...
0
2933
Акындар Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев жана ырчы Эмил Балтагулов 20-майда Москва шаарында “Үч арман” деген аталышта концерт коюшат... Ырчы Замир Мырза Кадыралы Артыковдун “Сүйүүгө таазим” аттуу ырына клип тартып, андагы башкы ролду жаш ырчы Данияр Эрматов аткарды...
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
СВЕТЛАНА БИШКЕККЕ КЕЛИП КЕТТИ
0
2228
Орусияда Ая деген ысым менен таанылган “Город 312” тобунун ырчысы Светлана Назаренко кыска эмгек эргүү алып Бишкекке келип, апасынын мээримине бөлөнүп, Кыргызстандын абасынан кере-кере дем алып кеткенин ырчынын кесиптеши, ырчы, аранжировкачы Эркин Мукашов маалымдады...
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
РАХМАН МЫРЗА КЫТАЙГА МЕКТЕП АЧАТ
0
2145
Нооруз майрамын кытайлык туугандар менен тосуу максатында барган куудул Рахман Разыков Үрүмчү шаарынан кайтып келди. Ал жакта бир айдай жүргөн агайыбыз кытайлык сегиз кыргыз куудул жигит менен “Жаңырсын жаштык ырлары” деген аталышта концерт берип...
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
БЕГИМАЙ БЕКБОЕВА КАЗАКТЫН КОЛУН КАРМАЙБЫ?
1
7656
Ырчы Бегимай Бекбоева жакында эле курбусунун чакыруусу менен Астанадагы бир тойго конок болуп келген. Тойдо отурган Фархат аттуу казак жигит Бегимайдын телефон номерин сурап калыптыр. Бир жума өтпөй ал мырза борборго келип, ырчыга жолугушууну сунуш кылса, Бегимай дароо эле үйүнө чакырып салган...
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
«БИЗ» ТОБУ АСТАНАГА АТТАНАТ
0
2577
«Биз» тобу көрүнбөй кайда жүрөт десек, Астана шаарына май айында концерт берүүгө камынып жүрүшкөн экен. “Чыгармачылыкта талыкпай эле иштеп жүрөбүз. Кыргыздардын атайын чакыруусу менен Астанага барып келсек деп турабыз”,- деп билдирди Бактияр Токторов.
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
ЖАНДУУ ЖАНА ЖАГЫМДУУ КОНЦЕРТ
0
2055
КРнын Эмгек сиңирген артисти Бермет Байкелова 21-апрель күнү филармонияда концерт берди. Эч кандай фонограммасыз ырдалган концерт деп мына ушуну айт!
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
МИРЛАН БАЕКОВ ЫРЧЫ КЫЗГА ҮЙЛӨНӨТ
0
2491
Ырчы Мирлан Баеков жүрөгүнүн ээсин илгери эле жолуктурган экен. Бирок ортодон беш жыл көрүшпөй калышып, учурда кайрадан табышышты. “Быйыл күзүндө үйлөнсөмбү деп жатам. Сүйлөшкөн кызым да чыгармачыл чөйрөдөн”,- деп билдирди...
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
ИСА ПРОДЮСЕРЛҮҮ БОЛДУ
1
2400
Ырчы Иса Өмүркуловдун продюсер Асыл Апасова менен иштеше баштаганына эки айдын жүзү болду. Продюсердин эмгегиби, айтор, ырчы жигитибиз Казакстандын Кустанай шаарында өткөн “Алтын микрофон” Эл аралык сынагына катышып, 2-орунду илип, ноутбуктуу болуп кайтты...
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
КЕНЖЕ БАЛДАРЫН АЧЫККА ЧЫГАРДЫ
4
3196
Ырчы Кенже Дүйшеева алты айдан бери эч кимге көрсөтпөй “багып” келе жаткан балдарын ачыкка чыгарды. Кайсы балдары деп чочуп кеттиңизби? Көрсө, эмгекти сүйгөн ырчы кызыбыз мындан 6 ай мурун эле беш жигитти чекесине чертип тандап алып, “Жебе” деген топ түзгөнгө жетишкен экен...
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
Бир бүркүм... АСЕЛ МЕНЕН БЕК СҮЙҮҮСҮН ДАҢАЗАЛАШАТ...
0
2299
Ырчы Асел Турдалиева студенттер менен “Биз таланттарды издейбиз” деген долбоор уюштуруп, Чүй облусун кыдырат. Мындан сыткары ырчы айым Бек Борбиев экөө «Биздин сүйүү» деген ырына клип тарттырууну пландап жатышат.
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
НИКОЛАЙ БАСКОВДУН УУЛУ ЖАҢЫ АТАЛУУ БОЛДУ
0
2179
Николай Басковдун биринчи жубайы Светлана Шпигель 17-апрелде 39 жаштагы украиналык жеке ишкер Вячеслав Соболевге турмушка чыкты. Москвадагы “Метрополь” ресторанында болуп өткөн үйлөнүү тойго элита өкүлдөрү чакырылган...
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
КЭТРИН ЗЕТА-ЖОНС ЖИНДИКАНАДА
0
2287
Голливуд актрисасы Кэтрин Зета-Жонс катуу депрессиядан улам Коннектикут штатындагы психикалык клиникага түштү. Анын мындай абалга туштугушуна күйөөсү – актёр Майкл Дугластын тамагынын рак оорусу себеп экен. Эске салсак, Кэтрин мурда бул клиникадан аракечтиктен жана баңгизатынан арылуу үчүн дарыланып чыккан...
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
ЛИНДСЕЙ ЛОХАН АСЕМ БУЮМ УУРДАГАНБЫ?
1
2105
Жакында америкалык актриса Линдсей Лоханга Лос-Анжелес соту “2011-жылдын январь айында дүкөндөн баасы 2,5 миң долларлык асем буюм уурдаган” деген айып такты. Жадакалса 120 күнгө эркинен ажыратып, 480 саат кара жумушка буюрду...
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
ГЛЮК`ОZА КОШ БОЙЛУУ
0
1896
Наталья Чистякова-Ионова, тагыраак айтканда, Глюк`оZа кош бойлуу. Ырчы: “Кызым Лиданы бөбөктүү кылганы турам. Учурда 5 айлык боюмда бар. Буюрса, сентябрь айында Испаниядагы төрөт үйлөрдүн биринде көз жарам. Эгер эркек болсо атын Николай, кыз болсо Вера коём”,- деп ат тандап койгонун да жар салды.
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
КАНЫКЕЙ КАЛЕНДАРДА!
10
2866
Гезитибиздин кийинки чыгарылышында өзгөчө үндүн ээси, ырчы Каныкей учурда үзүрлүү эмгектенип жаткан командасы тууралуу кызыктуу баян курат. Каныкей жана анын командасы тууралуу кеңири маалымат, ырчынын оригиналдуу сүрөттөрү жана башка кызыктар камтылган календарь-тиркемени келерки сандан күтүңүз.
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
БЕКТЕН ТАРБИЯ АЛАМ ДЕСЕҢ, СПОРТ ОРДОСУНА БАР
0
2014
Ырчы болсом деп ак эткенден так этип жүргөн улан-кыздар, жакшылап көңүл бөлүп окуңуздар. Бек Борбиев агабыздын учурда “таланттуу жаштардан куралган топ ачсам” деп чамданып турган кези. Ал тургай таланттарды тандоо үчүн кастинг өтүүчү жайды да аныктап койду...
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
ИЛЬЯЗ «АКЧАГА МАРЫЙМ» ДЕЙТ
6
2772
Буга чейин “музыканы катуу коюп, кошуналарыма тынчтык бербейм” деп келген Ильяз Абдыразаков жаңы, чоң студия ачууга камынууда. “Азыр ылайыктуу имарат издеп жүрөм. Буюрса, казактардыкындай студиялуу болуп, акчага марыйм го...
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
МИЛАНА МАЙКЛДЫ ТУУРАЙТ
0
2731
«Маш ботой», «Көйрөң күү», «Чайкама» сыяктуу күүлөрдү чертип көпчүлүккө сүймөнчүк болгон 12 жаштагы ырчы, комузчу Милана 12-майда Опера жана балет театрында жеке концертин берет. Концертинде Майкл Жексондун ырын пародиялап, чыгыш бийин чимириле бийлейт экен...
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
АЛИШЕР КУРУЛУШ ЦЕХИН АЧТЫ
0
2053
Ырчы Алишер Тоотаев чыгармачылык менен гана алектенбестен, курулуш материалдарын чыгаруучу цех ачты. Кошумча киреше булагына ээ болгон ырчы эми ырларын байма-бай жаздырарын жана күлүгүн да алмаштыра тургандыгын кабарлады.
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
ТОКТОБҮБҮ ЭЖЕКЕБИЗ ДИПЛОМ АЛАТ
0
1996
Ырчы Токтобүбү Черикчиева быйыл Улуттук консерваторияны аяктоо алдында турат. Мамлекеттик жана катардагы сынактарга даярданып жүргөн кези. «Буюрса, ойдогудай тапшырып алсам, жеңилдеп калар элем» деген ырчыга сынактардан ийгиликтүү өтүп, чыгармачылыкта жигердүү эмгектене беришин каалайбыз.
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
НУРГАЗЫНЫ СҮЙГӨНҮ ЧАНДЫБЫ?
1
2406
“Тамашоудогу” “Юристтер” командасынын капитаны Нургазы учурда жүрөгүн мыкчып жүрөт дешүүдө. Эмне болгонун сурап куудул жигитибизге чалсак, “бир жылдан бери Сымбат деген кыз менен сүйлөшүп жүрчүмүн. Менин эмнемди жактырбай калды билбейм, айтор, башка жигиттин колун кармап кетти” дейт капаланып...
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
МАКСАТТЫ КИМДЕР АРДАНТЫШТЫ?
0
2221
Телеалпаруучу Максат Довранов модельер-конструкторлук кесипти аяктаар замат дипломун сандыкка катып, алпаруучулукка өтүп кеткен эле. Окутуучуларынын “кесибиңди алып кете албадың” деген сөздөрүнө арданган Максат учурда кийимдердин коллекциясын даярдап жатат...
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
ЗАРИНА ТЕЛЕЧЕБЕРИБИ?
2
1916
Зарина Хасанова учурда мугалимдик кесипти аркалап, 90го жакын окуучуга телечеберчилиги боюнча сабак өтүүдө. Бир-эки эле көрсөтүүнү алып барган ырчынын эмгегинен, балким, мыкты адистер өсүп чыгар.
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
РОЗА ЭСТЕЛИК ТУРГУЗАТ
2
2307
«Кичинемде атама аябай жакын элем. Бирок ажалга айла жок тура. Мындан бир жыл мурун атамды колубуздан жулуп кетти...»- деп кейиген ырчы Роза Шакирова атасынын элесине арнап эстелик жасатууда. «Буюрса, май айында эстеликти тургузуп, куран окутуп келем»,- деп даярдык көрүп жатат.
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
БАКТЫБЕК АГАЙ КИТЕП ЧЫГАРДЫ
1
2759
Белгилүү диктор Бактыбек Мамытов 1000 нуска менен “Очоктогу от” деген аталышта китеп чыгарып, көпчүлүгүн белек катары таратууга жетишти. Китебинде ырлары, новеллалары жана жеке жашоосу чагылдырылган.
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
«02.14» ТОБУ КЫЗ ИЗДЕЙТ
0
2231
Жанат, Мирлан, Эрлан аттуу 3 жигиттен турган “02.14” тобу көрктүү бололу деппи, айтор, учурда сулуу ырчы кыз издеп жүрүшөт. Ошондой эле бул топ “Продажная любовь” аттуу ырына клип тартып бүтүштү. Бул клипти www.super.kg сайтыбыздагы медиа-порталдан көрсөңүздөр болот.
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
МИРБЕККЕ ЖОЛ АЧЫЛДЫ
2
3245
9-апрелде Мирбек Атабековду агасы жеңелүү кылып, учурда ырчыбыз “кезек мага келди” деп билек түрүп турган кези. “Жеңелүү болгон сонун турбайбы. Жеңемдин ысык чайын, даамдуу тамагын ичкенге ашыгып, үйгө кадимкидей шашып калдым”,- дейт Мирбек...
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
НАЗМИНИН НАРИСТЕСИ КЛИПТЕ
0
2922
Ырчы Назми “Кызыма” деген ырынын клибине кызы Альбинаны жана апасын кошуп тартты. “Кызымдын актриса болчу түрү бар. Съёмка учурунда керектүү жерден ыйлап, керектүү жерден уктап да берди”,- деп сүйүнөт ырчы. Назминин бул клибин www.super.kg сайтындагы Медиа-порталдан көрүп, баа бериңиздер.
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
СТУДЕНТТЕРДЕН КАЙРЫМДУУЛУК КОНЦЕРТ
2
2724
“Манас” университети 21-апрель күнү Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Жазгы шаң” аттуу кайрымдуулук концертин уюштурууда. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жаштардын демилгеси айкалышкан бул концерт Гүлнур Сатылганова, Омар, Каныкей сыяктуу эстрада ырчыларынын коштоосунда өтмөкчү...
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
ГҮЛНУР-ЭРНЕСТ ТАНДЕМИ «АСМАНДЫ» ЖАРАТАТ
1
2244
Гүлнур Сатылганова эжекебиз илгери жеңил-желпи ырларды ырдаган чыгар. Бирок акыркы жылдары санга эмес, сапатка абдан маани берип, жалаң салмактуу ырларга басым жасап калганын билебиз. Уккан адамды кайдигер калтырбачу ошондой ырларынын катарын “Асман” аттуу жаңы ыры толуктады...
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
1-ОРУНДУ ӨҢӨРҮП КЕЛИШТИ
7
2725
2-апрелде “Тамашоу” курама командасы Алматы шаарында өткөн Евразия суперлигасынын ачылышына катышып, 1-орунду өңөрүп келишти. Эгер бул команданын таланттары мындай күч менен кете беришсе, бат эле Масляковдун КВНинин жүзү болуп калышы алыс эместир. Андыктан, жигиттер, чамдагыла!
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
САНЖАР ТӨРӨГУЛОВДУН ҮНҮ ТАСМАДА
1
2059
Жаңыдан шоу-бизнеске кадам таштаган Санжар режиссёр Ырыс Окенова тартып жаткан “Досумдун сүйгөн кызы” деген тасмага “Бакыт” аттуу ыр жаздырды. Ошондой эле бул тасмада “Мээримим” деген ыры да саундтрек болуп колдонулат экен. Балким, бул жигиттин багы ушул тасма аркылуу ачылып калар, ким билет...
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
НАЗИРА ЖЕТИГЕНОВА АКТРИСАЛЫКТЫ ТАНДАЙБЫ?
2
2712
Назира “Жубайлар” деген тасмада Камчы Сарыбаевдин келинчеги болуп роль жараткан. Анда куудул айым ролун катыра аткарып салганбы, айтор, “Кыргызфильм” студиясындагы Шарип Нурматов аттуу режиссёрдун көзүнө илинип калыптыр...
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА ООРУКАНАДА
3
3562
“Дагы ким кол салыптыр?” деп сарсанаа болуп кеттиңизби? Көрсө, ырчы эжекебиз “чыгармачылык деп эле жүрө бербей, ден соолугумду да чыңдап алайын” деген максатта ооруканада дарыланып жатыптыр. “Буюрса, жакынкы күндөрү ооруканадан чыгам да, билек түрүнүп иштейм”,- деп билдирди КРнын Эмгек сиңирген артисти.
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
ЗАМИР КАЗАКБАЕВДИН БИЗНЕСИ...
1
2087
Шоу-бизнес чөйрөсүндөгү инсандар башка тармактардан бизнес ачууну ойлошпойт го, кыязы. Дегеним, ди-джей мырза достору менен биргеликте шоу-бизнес тармагында иш алып баруучу медиа борбор ачып жатыптыр. Бул борбор “Байсал Арт Медиа” деп аталып, видеоклиптерден баштап тасмаларга чейин тартуу кызматын аткарат...
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
Бир бүркүм... КУМАР АСАНОВГО КИМ ЖОЛДОМО БЕЛЕК КЫЛДЫ?
0
2217
КРнын Эмгек сиңирген артисти Бермет Байкелова быйыл 50 жашта. Буга удаа эле чыгармачылыгынын 25 жылдыгына арнап 21-апрелде филармонияда концерт берем деп жүргөн кези...
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
БЕКХЭМ КИМ МЕНЕН СОТТОШОТ?
0
1999
2010-жылы күз айларында “In Touch Weekly” журналында “Атактуу футболист Девид Бекхэм сойкунун кызматынан пайдаланган” деген макала жарык көргөн. Ушул макаланын тегерегинде бир топ ызы- чуу болгон. Натыйжада Девид журналды сотко берген...
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
СВЕТЛАНА ЛОБОДА КӨЗ ЖАРДЫ
0
2270
“ВИА Гра” тобунун экс-ырчысы Светлана Лобода 9-апрелде көз жарды. Ырчы акыркы күндөргө чейин кош бойлуулугун жашырып келген эле. Ай-күнүнө жетип калганда гана баланын атасы хореограф Андрей Царь экенин коомчулукка жар салган...
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
БИКБАЕВ МЕНЕН МЕЛАДЗЕ ЭМНЕНИ ТАЛАШЫШАТ?
0
2026
Продюсер Константин Меладзе жана “БиС” тобунун экс-ырчысы Дмитрий Бикбаевдин ортосун кара мышык аралаган. Учурда Меладзе топто ырдалган ырларды Бикбаевдин аткарып чыгуусуна тыюу салды. Эгер аткара турган болсо, ал автордук укугунан пайдаланып сотко арыз менен кайрыларын жашырган жок...
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
КИРА НАЙТЛИ ЖҮРӨГҮНӨ ДАБА ТАПТЫ
0
1966
Акыркы күндөрү журналисттер актриса Кира Найтлинин жаш рок-музыкант Жеймс Райтон менен көп жүргөнүн байкашкан. Мындан улам маалымат айдыңында «актрисанын жигити сакалчан рок-ырчы» деген кеп тарады. Кира менен Жеймс жабык кечелердин биринде таанышышкан...
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
КАЙЫРГҮЛ СҮЙҮҮСҮН ТАПТЫ
3
2841
Буга чейин “жүрөгүм бош, махабатымды күтүп жүрөм” деген кебин чарчабай кайталачу ырчы Кайыргүлдүн кубанычында чек жок. Анчалык эмне болуптур дейсизби? “Бактыңды алыстан эмес, жаныңдан эле изде” дегендей, чыгармачыл чөйрөдөн өз сүйүүсүн жолуктурду...
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
КУНДУЗ ДИ-ДЖЕЙЛИКТИ ТАШТАЙТ
0
3080
“Миң кыял FM” радиосунун мукам үндүү ди-джейи Кундуз Казыбек кызы “3 жылдан бери радиодо иштеп келдим. Эми өз талантымды теле жаатында сынап көрсөмбү деп турам. Буюрса, бир жума ичинде ди-джейликти жыйыштырам” деп турган кези. Кундуздун мындай чечимин жолдошу Акбар Сүйүнбаев да колдоодо.
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
ФАРИДА МЕНЕН АЙГҮЛ ЖИГИТ ТАЛАШЫШТЫБЫ?
6
11637
Ырчы Фарида Карбозова туулган күнүндө 6 жылдан берки курбусу Айгүл Чалова менен таарыныша кетти. Бул тууралуу Айгүл: “Кантип жакшы көргөн адамыңды кызганбайсың? Жигитим улам-улам Фариданын кулагына бир нерселерди шыбырайт...
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
ИЛЬЯЗДАН НИЯЗ АШАБЫ ЖЕ...
2
2708
“Сыныктан башканын бардыгы жугуштуу” демекчи, күнү-түнү музыканы жаңыртып кошуналарына тынчтык бербеген Ильяз Абдыразаковдун таланты бир тууганы Ниязга да жуккан көрүнөт. Учурда Нияз Нурлан аттуу жигит менен “N&N” деген топ түзүп, “Издеп барам” деген ырды жаратууга жетишиптир...
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
ЧЫР КЕСЕ KG ЭЛЬМУРАТ МЕНЕН ИСЛАМГА СУНУЛДУБУ?
0
2280
Чырлашуу кезеги бул ирет ырчы KG Эльмурат менен продюсери Ислам Сатаровго келип жеткен окшойт. Экөөнүн ортосун кайсы кара мышык аралаганын ким билсин, айтор, иштешпей калышыптыр. KG Эльмураттын айтуусуна караганда, продюсери менен кызыкчылыктары төп келбей калган...
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
Бир бүркүм... ГҮЛЗАТ БАЙЗАКОВА КОНЦЕРТ БЕРЕТ
1
2055
Караколдон гастролдоп кайтышкан Бек Борбиев, Мая, Кабыл Бөрүбаев жана Санжар Бердибековдор эми түштүктү түрө кыдырып концерт коюшмакчы... Тынай Алыбаев “Кимге айтам?” деген чыгармасына клип тартууда. “Буюрса, клип ушул айда жарыкка чыгат” деп билдирди ырчы...
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
Бир бүркүм... ДРОБЫШ РАДИО АЧАТ
0
1851
“Дом 2” долбоорунун алпаруучусу Ксения Бородина үч жыл чогуу жашаган күйөөсү Юрий Будагов менен 4-апрель күнү расмий түрдө ажырашты... «Город 312» тобундагы Мария Илеева менен күйөөсү Дмитрий Притула перзенттүү болушту...
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
ДАНИЯР КӨБӨНОВ КУНДУЗГА СӨЙКӨ САЛДЫ
20
9059
29-март күнү атактуу балбан Данияр Көбөнов ырчы кыз Кундузга кыргыз салты менен барып сөйкө салып кетти. Эки жаш той 25-апрелде Бишкектеги ресторандардын биринде өтөрүн кабарлашты. “Сөйкө салып жатышканда абдан толкундандым, бирок жанымда сүйүктүүм колдоп турду” деп билдирди ырчы кыз...
№ 439, 1-7-апрель, 2011-жыл
‹
1
2
...
81
82
83
84
85
86
87
...
117
118
›
№ 1169, 9-15-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
Саясат
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
СОТТУК ИШТЕР
Спорт
Элдик кабар
Супер-Инфо
Түркүн дүйнө
Тест куржун
“SUPER MEDIA” пресс-борбору
Сурамжылоо
Бизнес-Инфо
Ийгилик сыры
Эмгек жарчысы
Көз караш
Лонгрид
Президенттик шайлоо - 2021
Ийгилик жолунда
Адистен кеңеш
super.kg орусча
СУПЕР-ИНФО
Саясат
Шоу дүйнө
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Маданият
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Супер-Инфо 20 жашта
Көз караш
Эмгек жарчысы
SUPER.KG ВИДЕО
Саясат
Cоңку кабар
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
Спорт
Супер-Инфо
Пайдалуу кеңеш
Түркүн дүйнө
Жылмайып коюңуз
Пресс-Борбор
Жылдыз төлгө
Жан дүйнө
Ашкана сырлары
Эмгек жарчысы
Реалити-шоу
Көз караш
Шайлоо-2020
Бизнес-инфо
МЕДИА-ПОРТАЛ
Видеоклиптер
Аудиоклиптер
Элдик видео
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан
Информация о рекламе
Ысым (логин) же E-mail дарек
Сыр сөз
Кирүү