Бишкекте бүгүн, 5-июнда депутат Өмүрбек Текебаевге ачылган кылмыш иши боюнча биринчи соттук отурум өтөт. Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдына ондогон жарандар топтолду. Текебаевдин тарапташтары, парламенттин депутаттары, укук коргоочулар, журналисттер жана башкалар. Соттук отурум ачык өтөрү айтылган.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган. 27-февралда Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту 25-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарып, чечимди кийин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. УКМК "тергөө бүтө элек" деп Текебаевдин мындан кийинки баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сотко кайрылып, 21-апрелде Биринчи Май райондук соту депутатты 25-майга чейин камакта кармоо чечимин чыгарганы белгилүү. Ал эми 16-майда УКМК депутат Текебаевге ачылган кылмыш ишин тергеп бүтүп Башкы прокуратурага кароого жиберген. Башкы прокуратура материалдарды сотко жөнөткөн.