Өмүрбек Текебаев жактоочусун алмаштырды

Бүгүн, 2-октябрда Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча соту уланууда.

Буга чейинки отурумда Текебаевдин жактоочулары Канат Хасанов менен Чынара Жакупбекова отурумга келбей калгандыктан ага мамлекеттик жактоочу Элвира Чоноева дайындалган. Бирок Текебаев өзүнүн жактоочулары болмоюн иштебей турганын айтып, сот залынан чыгып кеткен. Андан кийин сот айыпталуучулар Текебаев менен Чотоновдун катышуусу жок сот отурум өткөрүп, жарыш сөздү аягына чыгарышкан болчу.

Текебаев жактоочусу Чынара Жакупбекованын баласы ооруп отурумга келе албай жаткандыктан анын ордуна жактоочу катары Медербек Абдраевди алганын айтты. Бирок соттук жамааттын катчысы анын жактоочулук кылуу маселесин сот чечерин билдирди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан