Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча Бишкек шаардык сотто иш материалдарды тергөө уланууда. Чотонов соттон орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин катчысы Самсонкинанын тергөөдө берген көрсөтмөсүнө көңүл бурууну өтүндү. Н.В.Самсонкина 2010-жылы Маевский жетектеген “Бизнесоценки” жоопкерчилиги чектелген коомунда катчы болуп иштеген.
Ал тергөөдө берген көрсөтмөсүндө 2010-жылы Маевсий менен жолугуу үчүн Кыргыз мамлекетинен барган делегацияда кимдер болгонун таанууда Текебаевди көрсөтүп берип, Чотоновду тааныбай турганы белгиленген. Бирок Маевский да берген көрсөтмөлөрүнүн биринде Чотонов анын кабинетинде эки күн кетпей арак ичип жатып алганын билдирген. Мындан улам Чотонов соттон Самсонкинанын көрсөтмөсүнө көңүл бурууну өтүндү.
"Маевскийдин айтымында, мен эки күн анын кабинетинде арак ичип жатып алыптырмын. Анын катчысы мени тааныбай калып, бир жолу бир саатка барып кеткен Текебаевди кайдан таанып калып жатат. Ошондуктан, урматтуу сот, бул маселеге көңүл бурууңузду өтүнөм", - деди Чотонов.