Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Азыр "Нур-Телеком" компаниясынын юристи болуп иштеген Руслан Оңолбеков көрсөтмө берүүдө.
Оңолбеков көрсөтмөсүн берип, жактоочулардын суроолоруна жооп берген соң, ага Текебаев тийиштүү суроолору менен кайрылды.
"Сиз берген көрсөтмөңүздө 1-сентябрда Маевский менен жолуккам деп жатасыз. Ошондо иштин юридикалык жактарын тактадыңызбы?" - деген суроосуна Оңолбеков Маевский менен жолукканын бекемдеди. Текебаев: "Силер ошол жылы, 1-сентябрда Маевский менен телефондо үч жолу сүйлөшүптүрсүңөр. Сүйлөшүүңөрдүн убактысы 19 секунд, 53 секундду түзүптүр. Ошол секундалардын ичинде эмнени сүйлөшүп үлгүрдүңөр?" - деген суроосуна Оңолбеков "мүмкүн тактоо иштеринде "ооба" же "жок" деп жооп берген чыгармын", - деди.
"Альфа Телекомго" тиешелүү суроолорго жооп алууну аракет кылган Текебаевди сот тыйып койду. Сот: "Сиз "Альфа Телекомду" ишке аралаштырбаңыз, бул жерде Текебаев менен Чотонов тууралуу сөз болуш керек", - деди. Текебаев: "Сиз ишти өзүңүз билесизби? Ошол "Альфа Телеком" бүгүнкү соттук ишке түздөн-түз тиешелүү мени тыйбаңыз", - деди. "Алексей Модин Талант Маматкеримовго "Альфа Телекомго" жетекчи болуу үчүн 500 миң евро берген деп көрсөтмө бериптирсиз. Модин кечээтен бери аны четке кагып жатат. Сиз муну кайдан уктуңуз?" - деген суроосуна күбө "Маматкеримовдон уккам" деп жооп берди. "Мен миллионду да 300 миңди да уккан эмесмин. Мен 500 миң жөнүндө уккам", - деди Оңолбеков.