Бишкекте 5-июнда Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча биринчи соттук отурум өттү. Жыйынга Текебаевдин жубайы, уулу жана 8 жаштагы кызы да катышты. Белгилей кетүүчү жагдай, адвокат милиция кызматкерлери тосуп жолотпой жатканда, кызын тордун башка тарабына жетелеп барып атасы менен кыска убакытка жолуктурууга үлгүргөн. Бул учур тартылган видеотасма интернетте кызуу талкууланууда.