Сот Өмүрбек Текебаевге топтолгон 30 миңден ашык колду жараксыз деп тапты

Кечээ, 22-август күнү Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда Өмүрбек Текебаевдин юристтеринин "БШКнын 30 миңден ашык колду жараксыз" деп тапкан чечимин жокко чыгаруу арызы каралды. Сот Азиз Эшалиев ал арызды карап, БШКнын чечимин жокко чыгаруу боюнча Текебаевдин жактоочуларынын өтүнүчүн четке какты.

Буга чейин Өмүрбек Текебаевдин атайын өкүлдөрү президенттик шайлоого талапкер болуп катталуу үчүн 38 миң 642 кол жыйнап, аны өткөрүп берген. БШК жумушчу топтун чечимине таянып, 8 миңдейин жараксыз, 30 миңден ашыгын жарактуу деп тапкан.

Бирок БШК "кол чогултуу үчүн сарпталган чыгымдар шайлоо фондунан каржыланган эмес" деп, чогултулган колдун баары жараксыз деген бүтүмгө келген болчу.

Текебаевдин юристи Таалайгүл Токтакунованын айтымында, шайлоо фонду ачылганы менен ал эсепке акча салууга эч кандай мүмкүнчүлүк болгон эмес.

"Бул жерде кол топтоого пайдаланылган кагаздарды сатып алууга кеткен акча талапкердин шайлоо фондунан коротулушу керектиги жөнүндө маселе болууда. Бирок Текебаевдин банктык карточкасын алып, эсебине акча салууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Кол чогултууга акча керек болуп, ал кишиден 20 миң сом накталай акча алып кагаздарды чыгарууга жумшашты. Бул жерде каржылык катачылык болду. Бул үчүн БШК 30 миңден ашык кишинин колун жокко чыгарып салганы туура эмес, жөн гана эскертүү бериши керек эле", - деди Токтакунова.

Ал эми күбө катары чакыртылган Канат Хасанов Өмүрбек Текебаевдин паспортун сот Айбек Эрнис уулу ишке тиркөө үчүн алып, бирок бир канча ирет сураганда да бербей койгонун айтты.

"4-5 ирет соттон жалпы жарандык паспортун алып калып, ID-картасын берип койгула, керектүү болот деп өтүнүч келтирдим. Ал "менин мындай кылууга укугум жок, бере албайм" деп эле туруп алган. Жадакалса карточка ачтыруу үчүн каттоону алып барып, кол коюп берип койсун десек да макул болгон эмес", - дейт Хасанов.

Өмүрбек Текебаевдин юристтеринин бири Канатбек Азиз каржы сөзсүз шайлоо фонду аркылуу коротулушу керек деген мыйзамга туура келбей турганын белгиледи. Ал президенттикке талапкер болуп жаткандардын бири Токтайым Үмөталиева эл менен жолугушуу үчүн мамлекеттик банктардын биринен насыя алайын десе, банк кызматкерлери талапкер болуп, каттала электигине байланыштуу акча берүүдөн баш тартып жатканын мисал кылды.

"Бир эле Үмөталиева эмес дагы бир талапкер ушундай абалга кептелиптир. Банктар аларга “силер талапкер болуп каттала электигиңер үчүн акча бербейбиз” дептир. А бул жерде Текебаев каржыны фонд аркылуу иштетпегендиги үчүн колдор жараксыз болуп жатат. Дагы бир маселе БШК жумушчу топтун чечими жок эле чечим кабыл алууга барган. Мен деле 5 жыл бою БШКнын мүчөсү болгом. Биз жумушчу топтун чечимине карап, тыянак чыгарчубуз. БШК азыркы талапкерлер болуп катталды дегендердин ичинен бир гана Текебаевди жумушчу топтун чечими жок чыгарган", - деди Канатбек Азиз.

Топтолгон колдорду жараксыз деп табуу тууралуу чечимге БШКнын 7 мүчөсү макул болсо, бир мүчөсү Гүлнара Журабаева каршы добуш берген. Ал сотто күбө катары суралып жатып, чечим кабыл алууда эки башка маселе бирдей каралып, катачылыкка орун берилгенин баса белгилеп өттү. Анын пикиринде, чогултулган колдун жарактуу же жарактуу эместигин башка, ага кеткен каражат кандай пайдаланылгандыгын башка кароо керек эле.

“Мен жыйынга чогулганда алдымдагы экранга карасам “Текебаев топтогон кол жарактуу же жарактуу эмеспи жана кайдан каржыланган” деген маселе күн тартибинде туруптур. Биз жарактуу же жарактуу эместигин өз алдынча, каржы жагын өзүнчө карашыбыз керек эле. Туура, каражат шайлоо фонду аркылуу гана каржылануусу керек. Ошондой болгон күндө да эскертүү гана беришибиз керек”.

БШКнын мүчөсү Мырзайым Камчыбекованын айтымында, эгерде каржы талапкердин шайлоо фонду аркылуу пайдаланылбаса, канча кишинин колу жыйналбасын, ал жокко чыгарылат.

"Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо мыйзамына ылайык, талапкер коротулуп жаткан каражаттарын шайлоо фонду аркылуу гана иштетүүсү керек. Эгерде шайлоо өнөктүгү башталган убакытка чейин деле талапкер жана анын келишим аркылуу бекитилген өкүлү каражатты фонд аркылуу иштетпесе, анын добуш берүүчүлөрдөн топтогон кол тамгалар жараксыз деп табылат", - деди Камчыбекова.

Ошондой эле ал кол топтоого катышкан адамдар акысыз эмгектенгенин жана аны далилдөөчү аудиожазуулар бар экенин айтып өттү. Анын билдиришинче, кол чогултууга катышкандардын бири Өмүрбек Текебаевдин инисинин баласы менен телефон аркылуу байланышып, анын акысыз иштегенин билишкен.

Бирок буга Текебаевдин юристтери жооп кылып, ар бири эмгек келишиминин негизинде иштегенин айтышты.

"Ата Мекен" партиясынын юристтери эми 5 күндүн аралыгында Жогорку Сотко арыз беришет. Эгерде ушул эле чечим күчүндө калса, эл аралык сотторго кайрылууга барышарын билдиришти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Batma08
2017-08-23 09:17:25
Мммм не дейбиз башка
-1
boris8907
2017-08-23 09:21:04
Короче бут тосуу экенда бийликтен
+4
nemo2016
2017-08-23 09:43:03
Аа бб дейбиз барибир болот президент сооронбай
-4
Snejana
2017-08-23 11:06:18
Кол коюп берген 30 000 киши барышса болмок экен, кол коюп бергени чын болсо.
0
Snejana
2017-08-23 11:06:54
Сооронбайга "ЖОК"
0
Beka1986
2017-08-23 11:07:39
Адилетсиз АША
+1
akaichik
2017-08-23 12:43:00
Кыщык, Текебаев юристтерине канча акча төлөйт болду экен?
-1
altynka95
2017-08-23 15:24:25
АШАнын Адамдары ото эле наглый болуп кетти го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан