Текебаев: "Маевский Кыргызга 500 миң евро жибергенин Орусиянын коопсуздук кызматы далилдеген жок"

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда иш материалдарды тергөө уланууда. Өмүрбек Текебаев ага "1 миллион доллар бердим" деген орусиялык ишкер Леонид Маескийдин көрсөтмөсүндөгү айткандарына токтолуп, анын Кыргыз мамлекетине 500 миң евро аэропорт аркылуу жибергенин Орусиянын коопсуздук кызматы далилдебегенин белгиледи.

"Маевский көрсөтмөсүндө 500 миң еврону банктагы эсебинен алып өзүнүн жан сакчысы, айдоочусу жана жардамчысынан Москвадагы "Домодедово" аэропортунан Текебаевге бердирип жибергенин айтып отурат. Бирок Орусиянын коопсуздук кызматы далилдеген жок. Мүмкүн ал акчаны алып өз ишине пайдалангандыр", - деди Текебаев.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
shankol88
2017-09-26 11:35:21
Эптеп камаш керек екен даа...аша ХХХХ экенсин...
+1
Karban86
2017-09-26 11:59:32
Сотко соз жок
0
Beka13
2017-09-26 12:08:00
Текебаев алга соттор ит болдунарго
+3
zamirbekorozalimovkg
2017-09-26 13:30:53
Бирин олуп бирин кал. Пайдасы жоктор ХХХХ кундо еле ушулардын сотту надаелоо уже камагыла же чыгаргылада
+2
admin_superstan
2017-09-26 14:23:00
Nurbollot, Isco23, порталдын ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg дарегине жиберилиши керек. Эскертүү!
+2
muni.98-98
2017-09-27 06:48:09
Эмнеси болсода шайлоо буткондон кийин чыгарат абактан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан