Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда коомдук-саясий ишмер Кубатбек Байболов көрсөтмө берүүдө.
“Мен бул ишти билбейт экенмин. Бул жердеги соттордон, маалымат булактарынан угуп, билип жатам. Бул тигини айткан, ал муну айткан деген ушактар сотто каралышы өзү туура эмес. Базаркулов деген баланы беттештирүүдө биринчи жолу көрдүм. Августтун аягында “Обама” деген кафеде жолукканбыз деп белгиледи, кечээ. Менин Башкы прокурор болуп 13-сентябрда дайындалганымды билишкен эмес же жаңылышкан. Ал убакта бул окуяга таасир бере албайт болчумун. "Обама" деген кафе ал учурда трактирдин деңгээлинде болчу. Биз ошол жерге бармак белек? Мен азыр түшүндүм. Бул ишке Башкы прокуратураны байланыштыргысы келген. Эртең Базаркулов да, прокурорлор да ушул коомдо жашайт. Уят! Чиркештирбегиле. Мен өзүмө караштуу жагдайларды болгон эмес деп айта алам. Майдын ортосунда АКШдан келдим. Ал учурда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү анча-мынча кишилер менен сүйлөшпөй калган. Текебаев менен 2008-жылдан бери мамилем жок”, - деди Байболов.
"Мен Азат Базаркуловуңарды дагы бир жолу айтайын, өмүрүмдө бир жолу гана көргөм. Мени 2010-жылы Өкмөттүн чогулушуна чакырышкан. Ошондо гана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн көргөм", - деди Байболов.
"Башкы прокуратура "Мегакомдун" 51 пайызын Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүп берсин деп кат жиберип, кайра 2-3 күндөн кийин катты артка кайтаруу боюнча маселе болгон. Бул боюнча эмне дейсиз?" - деп сурады сот.
“Мен ал ишти көргөн да, уккан да эмесмин. Буга байланыштуу кабарым да жок. Бирок 2010-жылы 17-сентябрда 17 кишиге айып тагылып иш сотко өткөрүлдү”, - деди Байболов.
"Айыпталуучулардын арасында Оңолбеков да бар" деп кошумчалады бул боюнча Текебаев.
"Жогорку Кеңеш 100 пайыз акцияга камак салуу боюнча токтом чыгарган. Ошонун негизинде акцияларга камак салынган”, - деп кошумчалады Байболов.