Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Азыркы тапта орусиялык ишкер Леонид Маевский көрсөтмө берүүдө.
"1992-1996-жылдары Казакстанда иштегем. Кыргыз өлкөсүн жана бул жактагы телекоммуникация тармагын жакшы билчүмүн. Ал эми Алексей Модин менен 17 жылдан бери таанышмын. Ал Кыргыз өлкөсүндө көрүнүктүү адис катары таанылган. Аны менен ошол учурдагы бийликтин абалы тууралуу сүйлөшүп, май айында Бишкекке учуп келгем. Анан бул жерде Чотонов менен таанышкам", - деди Маевский.
Эскерте кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Ө.Текебаевге жана Д.Чотоновго кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.