Бүгүн, 12-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумга түштөн кийин эки күбө келип көрсөтмө берди. Күбөлөрдүн бири Канат Абутанов 2010-жылы кеч күздө Өмүрбек Абдрахмановдун жубайы Бейил Айдакеева менен жолукканын айтты.
“2010-жылы убактылуу жумушсуз жүргөм. Ноябрь айынын аягында Айдакеева менен жолуккам. Мен Айдакеевага Рыкунованын тапшырмасы менен жолугушуп сүйлөшкөм. Айдакеева аркылуу Өмүрбек Абдрахманов менен Рыкунованын жолугушуусун камсыздамакмын. Биз "Мегаком" боюнча сүйлөшкөнбүз. Ошондо Айдакеева миллион доллар көтөрүп адамдар "Мегаком" боюнча маселеге кызыкдар болуп жүргөнүн айткан. Кийин алар жолугуштубу же жокпу айта албайм", - деди Абутанов.
Ал эми экинчи күбө Эркин Исаков бул иш боюнча маалымат каражаттары аркылуу билгенин жана эч нерсе айта албасын билдирди. Мамлекеттик айыптоочу болсо, орус ишкерлерин Текебаевдин бөлмөсүнөн көрүп-көрбөгөнүнө кызыкты. Ага Исаков "Мен көргөн эмесмин. Бул боюнча маалыматым жок" деп жооп берди.
Андан соң мамлекеттик айыптоочу күбөлөр Абдылдаева, Бахтаев, Эшембаевдердин сотко келе албагандыктан алардын көрсөтмөлөрүн окуп берүү өтүнүчүн келтирди. Бирок жактоочулар Эшембаевдин ооруганы боюнча тийиштүү документтер бар экенине ынанып, калган эки күбөнү сотто камсыздоо зарыл экенин билдиришти.
Айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаев болсо күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү иштин жагдайын өзгөртүп жатканын айтып, сотто күбөлөр сөзсүз суралышы керектигине токтолду.
"Эки күбө абдан маанилүү көрсөтмөлөрдү берди. Бири Айдакеева боюнча айтты. Ишенген күбөсү Исаков да келип маселени ачыктап отурат. Келе турган эки күбө да келип ушуга окшогон ишке маанилүү көрсөтмөлөрдү берет деп ойлойм. Ошондуктан алар сөзсүз келиши керек", - деди Текебаев.
Сот Эшембаевдин көрсөтмөсүн окуп берип, калган күбөлөрдү сотко чакыруу керектигин айтты.
Калган күбөлөр келбеген соң сот айыпталуучуларды суроого өтүүнү чечти. Бирок айыпталуучу тарап, күбөлөр толук суралып бүтүшү керек экенин айтып, көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Ошол эле учурда мамлекеттик айыптоочулар иштин материалдарын изилдөөгө өтүүнү сурады. Сот тараптардын пикирин угуп, отурумда күбөлөр болбой калган учурда иштин материалдарын изилдөөгө өтөрүн айтты. Айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаев соттон мындан ары айыпталуучу тараптын күбөлөрүн суроого өтүүнү суранды. Сот тараптардын пикирин угуп өтүнүчтү канааттандырды. Мындан улам соттук отурум 13-июлга жылдырылды.