Сотто Текебаевдин жүрөк оорусу кармап калып, "Тез жардам" кызматы чакырылды

Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анын жүрүшүндө соттолуп жаткан Текебаевдин жүрөк оорусу кармап калып, "Тез жардам" кызматы чакырылды.

Буга чейин отурумда Текебаев жарыш сөзүн сүйлөп жатып, жумуш убактысы бүткөнүн негиз кылып, эртең улантарын айткан. Ошондой эле өзүн начар сезип жатканын да билдирген. Бирок сот анын жарыш сөзү бүтмөйүнчө отурумду аягына чыгаруудан баш тартып, керек болсо түн жарымга чейин улантарын айтып жооп берген. "Ата Мекен" партиясынын лидери сөзүн улантып, анын жүрүшүндө жүрөгү кармап калды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Oylonkyrgyzym
2017-08-10 19:10:33
Жараткан шыпаасын берсин.
Жакшылык менен бүтүшүн жараткан насип кылсын!
+9
Elaman.toichuev
2017-08-10 19:31:07
Текебаев актер эмес эле го. Бир нерсе болгон окшойт.
+6
Fidel
2017-08-11 02:06:23
ООО ХХХХ Теке дейт буну 27 жылдан бери Кыргызстанды куурутуп келген, бир сотту алдап коюш булардын канында бар! Эртереек кесилип кетпеди Ар бир шылтоону айта бербей!
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан