Бүгүн, 27-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Соттук отурумдун башында Текебаев 3 жактоочусу тең ооруп келбегендиктен мамлекет тарабынан берилген жактоочуга каршы экенин айтты.
"Менин 3 жактоочум бар. Алар 5 айдан бери менин соттук иштерим боюнча иштеп келе жатышат. Мага караганда материалды алар жакшы билишет. Нөөмөттөгү жактоочу менин укугумду коргомок болуп бүгүн келип жатат. Атын да билбейт экенмин. Менин соттук материалдарым менен таанышып койгон жок. Кантип анан менин укугумду коргосун. Эгерде соттолуучунун жактоочуга төлөп бергидей акчасы жок болгондо гана мамлекеттик жактоочу жардамга келет. Анда да соттолуучунун макулдугу менен гана. Мени жактоочу кечирип койсун, мен ишенбейм ага. Ошондуктан ишенбөөчүлүк көрсөтөм. Кечээ түштөн кийин мага жөнөтүп, калп болсо да жолуктуруп койбойт белеңер. Азыр келип алып мени менен саламдашкан да жок. Прокурорлор менен сотту карап отурат", - деди Текебаев.
Сот тарабынан дайындалган жактоочу болсо "Текебаевдин мага ишеним көрсөтпөгөнү жалпы адвокатура тармагына шек келтирет. Мен кечээ түнү 23:00гө чейин материалдар менен таанышып чыктым. Ишенбесеңер соттун имаратындагы видеокөзөмөлдөрдөн көрүп алсаңыздар болот. Ал эми өтүнүч боюнча соттун кароосуна калтырам" деди.
Текебаевдин өтүнүчүн сот четке какты.
Ал эми Өмүрбек Текебаев "кайсы мыйзамдарга таянып өтүнүчүмдү четке кагып, сотту улантам деп жатасыңар? Мен соттун улануусуна өз жактоочуларым жок каршымын" дегенде сот Айбек Эрнис уулу отуруусун талап кылды. Ага ачууланган Текебаев "отурбасам эмне кылып аласың, дагы 2 жыл кошосуңбу? Мага 15 жылдан ашык бере албайсың. Сени менен керек болсо соттор кеңешинде сүйлөшөм. Керек болсо отурган кызматыңдан алдырам" деди.
Сот "эгерде менин талабыма макул болбосоңуз сот залынан чыгарып жиберем" деген учурда Текебаев "чыгар анда мени" деп конвойлордун коштоосунда залдан чыгып кетти. Анын артынан Чотонов да чыгаруусун талап кылды. Сот ага "сизди чыгарам деген жокмун отуруңуз" дегенде Чотонов колуна суу куюлган желим бөтөлкөнү алып "мен эмне, чыгып кетүү үчүн мыйзамды бузуп, колумдагы бөтөлкө менен прокурорду урушум керекпи, чыгаргыла мени" деп талап кылды. Андан соң Чотонов да сот залынан чыгарылды.
Айыпталуучулар жок ишти улантам деген сотко Чотоновдун жактоочулары ишенбөөчүлүк келтирди. Мамлекеттик айыптоочулар болсо ишти уланта берүүсүн сотко айтышты. Эки тараптын пикирлерин уккан сот тыныгуу жарыялап, кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетти.