Бүгүн, 4-июлда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда.
Текебаев менен Чотонов сот залына алып келингени менен, алардын тарапташтарынын залга батпай жаткандыгынан улам сот отурумду баштабай создуктурду. Айрым тарапташтары залдан чыгарылды. Бүгүнкү отурумда күбө катары Леонид Маевскийдин суралары же суралбай турганы азырынча белгисиз. Азыр күбө катары маркум Талант Маматкеримовдун аялы суралат деген божомолдор бар. Анын азыр сот имаратында жоктугунан улам сот башталбай турду.
Эскерте кетсек, ушул эле иш боюнча мурдагы сот отурумдарында негизги күбө катары чакырылган орусиялык ишкер Алексей Модин көрсөтмө берип жатып, "Мегаком" иши боюнча Маевскийден Текебаевге делген 300 миң долларды ортомчу Талант Маматкеримовго бергенин айткан. Модин Маматкеримов аркылуу акчаны бергенин далилдей албасын, анткени ал каза болуп калганын соттук отурумдардын биринде билдирген.
Текебаев Леонид Маевскийдин көрсөтмө берүүсүн талап кылды.
Соттук отурум башталды. Учурда иш боюнча "Мегаком" компаниясынын директору Азат Базаркулов көрсөтмө берип баштады. Бирок Текебаев ордунан туруп Леонид Маевскийдин көрсөтмө берүүсүн улантууну талап кылды. Сот Маевский көрсөтмө берип бүткөнүн айтты. "Леонид Маевский өткөнкү отурумда көрсөтмө берип, суроолорго жооп берген", - деди ал. Азат Базаркуловдун кайсы тилде көрсөтмө бере турганы тууралуу маселе жаралды. Ал орус тилинде бере турганын айтса, Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары аны кыргыз тилинде берүүсүн талап кылышты.