Өмүрбек Текебаев: "2010-жылы 7-апрелден кийин Модин менен коридордон жолуккан экенмин, ошондуктан ал менин иш бөлмөм кайда экенин билбейт"

Бүгүн, 4-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Бүгүнкү отурумда айыпталуучу Текебаев көрсөтмө берүүдө.

Жактоочу Өмүрбек Текебаевден Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары Модин менен кандайча жолугушканын сурады.

"Мен 2010-жылы 7-апрелден кийин Модин менен жолуккан экенмин. Бир нече уюлдук абоненттердин бизнес өкүлдөрү келип экинчи кабатта бизге кире албай турушуптур. Анткени үчүнчү кабатка киргенге чейин күчөтүлгөн тартипте куралчан сакчылар кайтарып турушкан. Чыгып баратсам арыз көтөрүп алышып алдымдан чыгышты. Азыр эстесем арасында Модин да бар экен. Алар Максим Бакиев уюлдук байланыштар үчүн кошуп койгон 60 тыйын боюнча кайрылып келишиптир. Мен алардын арызын коридордон кабыл алып эле кеткем. Ошондуктан Модин менин иш бөлмөм кайда экенин билбейт", - деди Текебаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kechirmeni
2017-08-04 12:43:10
ошо да
+3
toktor89
2017-08-04 14:35:31
Жалганынар чыгат жакында. анан бан баарынарга куноологондорго
0
Snejana
2017-08-04 16:01:19
Ай ай... "Текебаев чыкса, эмне болот" деп коркуп, эптеп камаш болуп атат. Акталып чыкса соо койбойт, билип койгула.
+1
Gamze90
2017-08-05 10:26:58
6 чы кабатта мага айтсанар коргозуп бермекмин да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан