Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишин карайт. Текебаев менен Чотонов сот залына алып келинди. Соттук отурум башталды.
Отурумдун жүрүшүндө Текебаевдин тарапташы катары келген Каныбек Мырзакановду райондук соттун тосмосунан киргизбей койду. Эске салсак, кечээ, 4-июлда Мырзакановду отурумдун жүрүшүнө тоскоолдук жаратты деп сот залынан чыгарып жиберген. Анда Мырзаканов "сот адилетсиз болуп жатат, жасалып жаткан иштин баары саясий оюн" деп кыйкыргандыктан аны залга батпай жатасыңар деп конвой сыртка чыгарып койгон. Ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран.
Учурда күбө катары чакырылган Илья Черный суралууда.