Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда "Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов күбө катары көрсөтмө берди. Ал Текебаев менен Абдрахмановдун мамилеси 2011-жылы бузулганын айтты.
"Башында Өмүрбек Абдрахманов менен Текебаевдин мамилеси абдан жакшы болчу. 2011-жылы булардын мамилеси өтө тез бузулду. Негизи мындай, Абдрахмановдун уулу убагында Максим Бакиев менен бизнес жасап иштеген. Мен Текебаевге Өмүрбек Абдрахманов менен жакын болуу жакшы эмес экенин айтсам, Текебаев мени жаман көрүп калды. 2012-жылы ал фракциядан чыгарылган. Абдрахманов андан кийин парламентте сөз сүйлөй албай жөн эле отуруп калды. Ошол учурда Абдрахманов Текебаевден өч алуу үчүн баарына даяр болчу", - деди Нышанов.
Ал эми Текебаев күбө Нышановдун сөзүн бекемдеди. "Абдрахмановду партиялаштар колдобой, менин колдоом менен шайлоодо тизмеге кирди. Абдрахманов саясий көз карашта АКШны жактап туруп алды. Манасты жамандап, Таластан нааразылар келип, анын атынан мен кечирим сурадым. 120 миң сомдук диванын миллион сомго баалап Жогорку Кеңешке алып келип койгон. Мен аны айтсам, бул бизнес дейт. Ошондон улам биз Абдрахмановду 2012-жылы 17-март күнү партиядан чыгарганбыз", - деди Текебаев.