Бүгүн, 7-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анын жүрүшүндө Чотонов көрсөтмө берип жатып айрым адамдар ага "Тергөө маалында Текебаевге каршы көрсөтмө берсең, күбө катары кутулуп кетесиң" деп сунушташканын айтты.
"Өмүрбек Текебаевге каршы көрсөтмө бер" деген сунуш берилип, мен баш тарткандан кийин кылмыш ишине мени да аралаштырып коюшту. Эгер мен каршы көрсөтмө берсем, камалбайт болчумун. Ким сунуш кылганын айтпай эле коёюн", - деди Чотонов.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.
Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.