Текебаевдин жактоочусу сотто Маевскийдин жоопкерчилигин кароо өтүнүчүн келтирди

Бүгүн, 20-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анын жүрүшүндө Текебаевдин жактоочусу ишти кайра тергөөгө жөнөтүп, Маевскийди жоопкерчиликке тартуу өтүнүчүн келтирди.

Жактоочу бул өтүнүчтү сот кошумча күбөлөрдү суроодон баш тарткандан кийин келтирди.

"Мен соттук отурум башталганда Маевскийдин жоопкерчилиги боюнча өтүнүч бергем. Бирок сиз күбөлөр суралгандан кийин аны карайбыз дегенсиз. Эми ишти кайра тергөөгө жиберип, Маевскийдин жоопкерчилигин да кароону сурайм", - деди жактоочу.

Бирок сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
almanbetperm
2017-07-20 12:58:08
Соттор олгону калышты
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан