Текебаевдин сотуна журналисттерден башкалардын катышуусуна тыюу салынды

Бүгүндөн тартып Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновго ачылган кылмыш иши боюнча соттук отурумдарга журналисттерден башка Текебаевдин жана Чотоновдун тарапташтарынын, башка адамдардын катышуусуна тыюу салынды. Сот мындай чечимди 13-июлда, отурумдун түшкө чейинки бөлүгү аяктап калган учурда экс-президент Роза Отунбаеванын сөздөрүнө залдагы адамдардын кол чабуусуна жооп иретинде кабыл алды.

"Кийинки отурумдарда журналисттерден башка адамдар залга киргизилбесин", - деди сот Айбек Эрнис уулу.

Мындан кийин сот залынан чыгып бараткандар “позор, позор” деп кыйкырышты.

Текебаевдин сотунда күбө катары көрсөтмө берген экс-президент Роза Отунбаева соттон кошумча 2 мүнөт убакыт сурап, өтүнүч орундалган жок. Мындан кийин ал сотторго жана прокурорлорго карата люстрация мыйзамын жазарын айтып, убагы келгенде мыйзам алдында прокурор менен соттор жооп бере турганын айткан болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан