Маевский Текебаевге жолуктум деген 2010-жылдын 21-декабрында Текебаев ишке чыкпаганын экс-депутат Асия Сасыкбаева да айтты

Бүгүн, 13-июлда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун сот ишинде Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Асия Сасыкбаева көрсөтмө берди. Ал 2010-жылдын 21-декабрь күнү депутат Текебаев иш бөлмөсүндө болбогонун айтты.

“Биз, партиялаштар Өмүрбек Текебаевдин туулган күнү менен куттуктайлы деп иш ордуна барганбыз. Бирок ал кабинетинде жок экен. Күндүн биринчи жарымында барганбыз. Бирок ал күнү Текебаев жумуш күнү бүткөнгө чейин келген жок. 22-декабрь күнү фракциянын жыйынына келип, кыска убакытка жыйынга катышып кайра кетти”, - деди Сасыкбаева.

Сотто депутат Аида Салянова да көрсөтмө берүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
agent0072609
2017-07-13 19:46:36
Ак ийилет бирок сынбайт, кимдин ким экени эми билинип атат окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан