Текебаевдин жарыш сөзүн угуу үчүн келген Бекназаровду, Ташиевди, Байсаловду сотко киргизбей коюшту

Бүгүн, 11-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” Фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Отурумда айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаев жарыш сөзүн айтып жатат.

Түштөн кийин Текебаевдин сотуна бир катар саясатчылар Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Камчыбек Ташиев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков, Эдил Байсалов күбө болуу үчүн келишти. Алардын айрымдарын тартип сакчылар сот залына киргизбей коюшту. Буга чейин сотко экс-президент Роза Отунбаева келгени айтылган.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

Прокурор соттон Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Azatbek83
2017-08-11 16:40:43
Акталсын!!!
+6
fora
2017-08-11 16:52:01
Актагыла болбосо майевскийди да алып келип камагыла жалган жала жаба бербей
+5
Leilektik
2017-08-11 17:09:22
fora,Маевский турмодо орустар камакка калган аны алдамчылык фактысы боюнча
+4
kyalbek
2017-08-11 17:09:33
Адамдын башына оор кун тушкондо билинет ким дос, ким душман экени. Жок дегенде моралдык жактан колдоп койгон чыныгы потриотторго терен раазычылык . Текебаев ак аны элдин баары коруп турат.Акталат деген умуттомун эгер сот адилет чечим чыгарса
+7
taalay89
2017-08-11 17:51:51
Азаматсыңар колдоп келген саяасатчылар биримдикте болгула күч бирдикте силерди аллахым колдосун
+2
jbolotov
2017-08-11 20:08:19
Ушул шайкаларды Отунбаева Бекназаров Байсалову камаш керек, Отунбаева бир жылда 7млн$ тапкан дешет, кен бацлыктарды сатканга ким лицензия берген текшеришсе болот эле.
-2
bakulya2015
2017-08-11 22:22:38
Тообо кылдым өз мекендештерибизди оздору киргизбейт э булардын соту жалганда ошого уят болушат акмактар десе далилдери жок шерменделери чыгып жатат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан