Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов Текебаевди БШКга кыргыз тилинен сынактан өтүүсүн камсыздап берүүдөн баш тартканы үчүн сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү.
"Мен буга чейин 5 жолку Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгом. Конституцияда мамлекет адам укугу үчүн кызмат кылары жазылган. Менин өздүгүмдү эске алып, баш коргоо чарамды карап чыгуу керек. Керек болсо мендей адамдарды башка мамлекеттерде соттун чечими чыккычакты камабайт. Коомго коркунуч жаратпаган кылмышкер болбогонумдан кийин да баш коргоо чарамды карап чыгышыңар керек. Силер мени шайлоого катыштырбай койгонго аракет кылып жатасыңар. Атамбаев "мен аппараттын юристтери менен Текебаевдин шайлоого катыша алабы же жокпу анализдедим" деп айтты. Ал анализдеген жок "катыштырбаганга эмне кылам?" деди, юристтер катыша албастыгымды айтышыптыр. Менин шайлоого катышууга толук укугум бар, шайлоо объективдүү өтүүгө бийлик органдары, сот дагы көмөк көрсөтүшү керек. Силердин жасап жаткан аракетиңер саясий буюртма экени көрүнүп турат", - деди сотко Өмүрбек Текебаев.
Сот Айбек Эрнис уулу чечим чыгаруучу бөлмөгө барып келип, өзүнө көрсөтүлгөн ишенимди негизсиз деп таап, өтүнүчтү четке какты.
Соттук отурумда сот Леонид Маевский менен Алексей Модиндин тергөөдө берген көрсөтмөлөрүн окуду. Жумуш убактысы аяктаганына байланыштуу соттук отурум эртең саат 9:30да уланмай болду.