Текебаев менен Чотоновдун соту уланууда. Мурда көрсөтмө бергендер кайра көрсөтмө берип жатышат

Бүгүн, 12-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча отурум уланууда. Бүгүнкү отурумга күбө катары чакырылгандардын ичинен 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Кеңешбек Дүйшөбаев көрсөтмө берип баштады. Дүйшөбаев Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн аткарган милдеттери жана 2010-жылдын 13-майында эмне иштер болгону тууралуу айтып берип жатат. Дүйшөбаев тергөө учурунда да көрсөтмө берген. Бирок анын айткандары протоколго тиркелбей калгандыктан кайра суралууда.

Анын билдиришинче, 13-май күнү өлкөнүн түштүгүндөгү кырдаалга байланыштуу түштөн кийин Убактылуу өкмөттүн жыйыны болуп, ал жыйынга Текебаев менен Чотонов да катышкан.

Белгилүү болгондой, буга чейинки көрсөтмөлөрдө арыз ээси Леонид Маевский 2010-жылы 13-майда Текебаев менен “Супара” этно-комплексинде жолукканын айткан.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу соттолуучуларды 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу чечим кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун чечимине макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан