Бишкек шаардык соту "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун 8 жылга камакка алынышы боюнча Башкы прокуратуранын апелляциялык арызын кароону улантууда. Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов соттун биринчи инстанциясында отурумду журналисттердин видеокамерага тартуусуна тыюу салганын айтып, бул жолкусунда тартууга уруксат берүү өтүнүчүн сотко келтирди.
"Сот Айбек Эрнис уулу биринчи инстанцияда журналисттердин видеого, сүрөткө тартуусуна тыюу салган. Анын мындай чечим кабыл алуусуна айрым күбөлөр кооптонуп жатканы менен түшүндүргөн. Ошондуктан бул ирет шаардык соттон уруксат берүүсүн суранам. Анткени коомчулук бул отурумда эмне болуп жатканын ортомчусуз угуп, көрүүгө кызыкдар", - деди Хасанов.
Бирок мамлекеттик айыптоочу отурумду видеого тартууга негиз жок деген максатта өтүнүчтү четке кагууну суранды. Сот мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчү менен жактоочулардын өтүнүчүн четке какты.