Бүгүн, 3-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анда Текебаев жактоочулардын берген суроолоруна жооп берди.
"Сиз "Альфа Телекомго" тиешелүү маселелерди чече алат белеңиз?" деген суроого Текебаев "жок, менин экономикалык иштерге тиешем болгон эмес. Бул тармакты Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары Атамбаев тейлечү. Мага Конституциялык реформаны жүргүзүү жагы тапшырылган. Ошол иштер менен алектенгем" деп жооп берди.
Ал эми "Маевский менен кантип таанышып, жолугушкансыз?" деген суроого "2010-жылы "Ата Мекен" партиясына карата "батышчыл партия" деген ушактар чыга баштаганда биз Орусия башчыларына канал таап жолугуу ниетинде адам издей баштадык. Ал маалда Атамбаев Путин менен, Кулов Медведев менен жолугушуп жүргөн. Партиянын мүчөлөрү менен кеңешип, биз да Орусия бийлигиндегилер менен сүйлөшүү уюштурууну максат кылганбыз. Ошондо Чотонов айтып калды "Орус инвестору Кыргыз өлкөсүнө келип жүрөт. Балким, ошол адам аркылуу жолугушууга шарт түзөбүз" деп. Кийин аны менен Супарада жолуктук. Ал адам Леонид Маевский болчу. Жолугушууда "Мегаком" тууралуу эч бир сөз болгон эмес", - деди Текебаев.